Буга чейин 12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеӊештерге болгон шайлоону жылдыруу сунуштары айтылган. Бул сунуштарга жооп кылып,   Борбордук шайлоо комиссиясынын  төрайымы Нуржан Шайлдабекова  жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо белгиленген мөөнөттө өткөрүлөрүн билдирди. Ал: «Үгүт иштери жүрүп жатат. Биз массалык жолугушууларды азайтып, башка үгүт формаларына өтүүнү сунуш кылып жатабыз. Мыйзам боюнча талапкерлер эл менен жолугууга укуктуу. Бирок, кырдаалды эске алып заманбап технологияларды колдонсок болот. Партияларга shailoogov.kg деген сайтты сунуш кылып, ал жерге маалыматтарын жайгаштырууга мүмкүнчүлүк бердик. Ошондой эле акысыз теле дебаттардын убактысын узартуу каралып жатат», — деди.

Булак:Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here