Биз кыргызстандыктар үчүн татаал мезгилде дүйнөдөгү жана өлкөдөгү азыркы кырдаалды эске алып, акыркы окуяларга байланыштуу биздин партиялык аппаратта, аймактардагы штабдарда жана кеңселерде өзгөчө режим киргизебиз. Шайлоочулар менен түздөн түз байланышты толук токтотууну жана ишмердүүлүктү онлайн гана жүргүзүүнү суранабыз.

«Замандаш» партиясы жарандардын өмүрүнүн жана ишмердүүлүгүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн «Короновирус инфекциясынын Кыргыз Республикасынын аймагында таралышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын» бардык талаптарын аткарууга даяр.

Урматтуу кыргызстандыктар! Мындай татаал шартта биз ынтымактуу болуп, баш аламандыкка жол бербей, бири бирибизге кылдат мамиле кылышыбыз зарыл!

Биз-биримдиктүү болсок, коркунучту жеңебиз!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here