Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну коронавируска шектүү делинип, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев бүгүн, 18-марттагы жыйында билдирди.

Облус жетекчинин маалыматы боюнча Ысык-Көл облусунан кичи ажылыкка 13 адам барган. Ак-Суу районунан 2 адам, Жети-Өгүздөн 6, Каракол шаарынан 4 адам жана Ысык-Көл районунан 1 адам барып келген. Ошондой эле Германиядан 13-мартта 2 адам келген. Алардын баары үй карантинде.

Ошондой эле Осмоналиев:

-Жергиликтүү жетекчилер менен тактоо жүргүзүп жатабыз. Түндө саат 02:00 чамасында Ак-Суу районунун 1976-жылы туулган тургуну коронавируска шектүү катары алынып келип, ооруканага жаткырылды. Ал байланышта болгон адамдардын баары көзөмөлгө алынып жатат. Жакындары үй карантинге алынды. Ошондой эле Германиядан келген эки тургун өз каалоосу менен ооруканага барбагандыктан, алар мажбурлоо менен изоляцияга алынды», — деди. Ошондой эле облуста коронавирустун алдын алуу үчүн «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондунан каражат бөлүнүп, бет каптар жана атайын медициналык кийимдер алынарын кошумчалады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here