Алдын ала маалыматтар боюнча, коронавирусту жуктуруп алган Сузактын Благовещенск айылынын 3 тургуну 1122 адам менен байланышта болгон болушу мүмкүн. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов басма сөз жыйынында билдирди.

Ал:

-Ал эми ошол 3нүн ичинен контакта барган адамдар — мисалы үчүн кошунасы кирген, кошунасына кирген — ошолордун бардыгы биригип 1122 адам ошол айылда болуп жатат. Коронавирус менен ооруп калган жарандарды Чүй облусунда жашаган беш тууганы аэропорттон тосуп, контакт түзүлгөн. Беш адамды [тизмесин] биз республикалык штабга бердик. Ошол 3 адам [Сауд Арабиядан] келгенде аларды Чүй облусунун тургундары тосуп алган. Мындайча айтканда контакт болгон деп ойлоп жатабыз. Кимдер тосуп алгандарын алар өздөрү айтышкан. Эми Чүйдүн штабы иштеп, ошол адамдарды табып чара көрүшөт. 135 адамдын ичинен 51и Жалал-Абад облусунун тургундары, алар обсервацияда болгон. Обсерваториялар лицей жана санаторийлердин базаларында ачылган. Учурда Сузак районунун аймагындагы мамлекеттик мекеме жана ишканалар, коомдук жайлар дезинфекцияланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here