Республикалык штаб коронавирус аныкталган үч киши менен кошо Сауд Арабиясынан учуп келген 45 жүргүнчү изделип жатканын маалымдады. Ал учакта жалпы 135 адам болгон, алардын ичинен 90 киши 18-мартта изоляцияга алынды.

Кыргызстанда 18-мартка караган түнү коронавирус аныкталган үч киши катталды. Алар — Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген, Сузак районунун 70, 62, 42 жаштагы тургундары. Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Өлкө аймагына чукул кырдаал киргизүү маселесин ушу тапта республикалык штаб талкуулап жатат

Кичи ажылыкка (умра) барып келген кыргызстандыктардын ичинен Жалал-Абад облусунун 51, Ысык-Көл облусунан 15, Баткен облусунан 8 кишинин тек-жайы аныкталып, булардын ичинен 60 киши коронавируска текшериш үчүн облустардын аймактарындагы ооруканаларга жаткырылды. Ысык-Көлдөн 14 киши жаткырылган жок. Бул тууралуу жер-жерлерден облустук бийлик органдары кабарлашты.

Мындан сырткары, Жалал-Абад облустунан алынган расмий маалыматка караганда облус боюнча умрага барып келгендер менен жолугушкан 1122 адам (айылдаштары жана туугандары) да такталып, тийиштүү иштер жүрүп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here