Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов федерациянын кеӊешинин чечими менен кызматтан алынган. Бирок, Асанакунов ошондон бери эле чечимге макул болбой, кабинетин бошотпой келген. Эми Асанакунов «кабинетимен 100 миӊ доллар жана бриллианттарды уурдап алышты» деп каршылаштарына каршы милийсага арыз жазды. Профсоюздун биртоп кызматкерлерин милийсага чакырып сурашкан. Азыр иликтөө жүрүп жатат. Асанакуновдо мынчалык доллар менен бриллианты кайдан келген? Бу чоӊ суроого да жооп изделип жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here