Бүгүн республикалык штабдын жыйыны өтүп,  Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү өлкөдө коронавируска кабылган учур жок экенин белдирди. Республикада эпидемиологиялык абал туруктуу. Ал эми карантинге жалпы 341 адам алынган. Маалыматта: «Түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар, соода борборлорундагы балдар ойной турчу жайлар жана тамак иче турган жерлер убактылуу жабыла турганы айтылды. Ал эми соода, тейлөө жана коомдук тамактануу тармагында иш алып барган жеке жана юридикалык тараптарга массалык иш-чараларды өткөрүүдөн кармана туруу сунушталды», — деп айтылат.

Өкмөт жарандарды эл көп чогулган жерге, анын ичинде соода борборлоруна, тамак ичкен жайларга көп барбай турууга чакырды. Ошондой эле бул жерде иштегендерге аба тазалаган, дезинфекциялаган атайын жабдууларды коюуну сунуштады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here