Президент Касым-Жомарт Токаев коронавируска байланыштуу Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыялады. Токаев кол койгон жарлык коңшу өлкөнүн президентинин сайтына чыкты.

Анда жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн Казакстандын бардык аймагында 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал жарыяланганы жазылган. Бул убакыт аралыгында эл көп топтолгон оюн зоок борборлору, кинотеатрлар ишин токтотуп, ар кандай көргөзмөлөргө, спорттук оюндарга жана эл көп чогулган иш-чараларга тыюу салынары айтылган.

Транспорттун бардык түрлөрүнө Казакстанга кирүүсүнө жана чыгуусуна чектөө киргизилди.

Бул арада Алматы шаардык полициясы коронавирус аныкталган аял санитардык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратып, соңку маалда өзү менен байланышта болгон жарандар тууралуу маалымат берүүдөн баш тартканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганын кабарлады.

15-мартта Казакстанда дагы үч кишиден коронавирус табылды. Ушуну менен Казакстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны тогузга жетти. Алардын бири Германиядан учуп келген 12 жаштагы кыз экени маалым болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here