ИИМ 2019-жылдын жайында Европага 670 кг. героин киргизүүгө катышкан кылмыштуу топко тиешеси бар эки адамдын өздүгүн тактап, аларды колго түшүргөнүн маалымдады. Маалыматта: өткөн жылдын 1-июнунда Германиянын укук коргоо органдары тарабынан Германия-Польша чегарасы аркылуу таттуулар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унаа менен героин киргизип бара жаткан топ колго түшүрүлгөндүгү айтылат.  Баңги ташуучу улуттар аралык кылмыштуу топко: Кыргызстандын, Түркиянын жана Голандиянын жарандары кирген.  Алар ири көлөмдөгү баңги затты Ирандан алып чыгып, Орто Азия аркылуу Европага жеткирген транзиттик каналды ачышкан.ИИМ бул кылмыш боюнча дагы бир жаранга эл аралык издөө жарыяланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here