Пара алган деп шек саналып жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова коё берилди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди. Мекеме муну «мыйзамга ылайык, соттордун кол тийбестиги бар» деп түшүндүрдү. Айырм ЖМКлар судья Орозбакова жумушка чыкканын жазышты. Финансы полициясы 12-мартта ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова кармалганын кабарлаган. Финполдун маалыматына караганда, ал «2000 доллар пара алып жаткан жеринен» колго түшүп, сотко чейинки териштирүү башталды. Биринчи май райондук соту бүгүнкү окуя тууралуу азырынча расмий коммантарий бере элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here