“Кырк чоро” уюмунун мурунку төрагасы Замирбек Көчөрбаев феминисттик акцияга чыккандар көтөрүп чыккан плакаттардагы сөздөрдү батыштын политтехнологдору даярдап берет дейт.

Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

“Коомчулук бул чыгармачылыкты окуп алып, түз маанисинде түшүнүп, бул кызга жана кырк чоронун дарегине ар кандай сын пикир айтууда. Көпчүлүк ойлоп жатат бул кыз автор деп. Андай эмес. Феминисттик топтордун аркасында батыштын политтехнологдору бар. Ар бир сөздү алар даярдап берет.

Кечээги 8-мартта алардын бирөөсү ошол акцияга катышты. Эми бул чакырык кандай мааниде жазылганын чечмелеп көрөлү: “мырк” -дегенин алсак экс Президент Р. Отунбаева да айылдыктарды мырк деп кемсинтип сүйлөгөнү эске түшөт, “чорошек”- кыргыздын жигиттерине карата айтылганы десек болор. Ал эми “мини чочошки” дегени алсыз, билимсиз деп кемсинтүүсү. Демек, бул кыз кожоюну даярдап берген “айылдык кыргыз жигиттери алсыз, билимсиз” деген чакырыкты көтөрүп чыккан. Бул менин жеке пикирим”.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here