Улуу жазуучу Габриель Маркестин атактуу “Жүз жылдык жалгыздык” китебинин казакча котормосунда “Жашасын Улы Либералдар партиясы” деген сөз бар. Ал китеп кыргызча которула элек. Ал китепти кайсы кыргыз котормок эле. Акыркы отуз жылда калеми жүйрүк, сөзү курч чыгаан жазуучу, журналисттердин бир бөлүгү эл башкарууга, шайлоого аттанып, ал эми калган бөлүгү ошол шайлоону тейлеп, ал жерден каражат таап алууну кесипке айлантса. Анан эмне кылышмак эле, же Маркести которуп койдуӊ деп аларды бирөө маӊдайынан сылап, каражат бөлүп берип жарпаса. Тиричилик кылып, үйөбүлөнү дагы багыш керек да. Ырас ыраматылык Алым Токтомушов Маркестин “Айттырып келген өлүм баяны” деген чакан чыгармасын которду эле. Аны да бүткөрө албай калды, ал кишинин да саясаттан колу бошободу көрүнөт. Эми макаланын максатына токтололу. Либерал деген кимдер, демократия деген эмне? Демократия жөнүндө элде аздыр-көптүр түшүнүк пайда болду. Эл башкарабыз дегендер партияга биригип алышып, ошол элдин шайлоосуна катышат экен. Ошол шайлоодо жеӊип келгендер эл башкарып, жеӊилип калгандар, калган баардык элге кошулуп жеӊген партияга баш ийип беришет экен. Жөнөкөй тил менен айтканда демократия деген ушул, эми аны да пайыздык тосмо, аймактардан добуш алуу ж.б. менен татаалдаштырып алдык көрүнөт. 

Ал эми либерал деген ким деген суроого түшүнө бере албадык. Либерал-демократиялык партия десе эле россиялык шовинист саясатчы Жириновский эске келет.

Жириновскийдин айткан, дегендерин эстеп, бул партия империялык идеяга сугарылган го деген ойго келесиӊ. Ошондой эле Жапониянын ЛДП партиясынын деле экинчи дүйнөлүк согуштун алдындагы жапон империалисттеринин “Восточноазиатское пространство процветания” идеясын аткаруу башкы милдеттеринин бири катары туюлат. Жок андай эмес экен, либерализм деген идея адам укугун туу тутуп, сөз эркиндигин урматтаган, адамдардын жана алардын капиталынын эркин кыймылына шарт түзүүгө ылайыкташкан, жеке менчикти өзгөчө коргогон бир зор европалык идея экен. Жаӊыдан түзүлгөн Кыргызстан либерал демократиялык партиясы ушундай изги идеяларды ишке ашырабыз деп турушкан экен. Ал идеялар ишке кандай ашат. Эсиӊизде болсо, илгери президент Аскар Акаев дагы бир катар либералдык идеяларды жарыялап, аягында өзү баштап, айланасы менен ашынган консерватор болуп чыга келишкен. Шайлоодон жеӊип келген күндө дагы, тулку бою күч түзүмдөрү (Аскер кызматы, чек ара кызматы, УКМК, ИИМ, фирарсы полициясы, финансы чалгын, прокуратура, салык кызматы, бажы кызматы ж.б.) менен брондолгон биздин өлкөдө либералдык идеяны ишке ашыруу кыйын болот го. Акыркы жаӊылыктарды айландырып карап көрөлү. Ушунчалык күч түзүмдөрү туруп бир коррупционерге алы жетпей, Дубайда окуган студент кыздан жардам күткөн биздин өлкө канчалык реформага муктаж? Жогорудагы күч түзүмдөрүнөн сырткары дагы ада жүздөгөн структуралардан уруксаат алууга аргасыз болгон биздин ишкерлердин иштеп кетүүсүнө шарт түзүү канчалык реформага муктаж?! Ал эми административдик-аймактык реформа боюнча кийин өз алдынча сөз кылалы. Макаланы Маркес менен баштадык эле, эми Маркес менен бүткөрөлү. Айтылган китепте “бир туган апкесине (эжесине) үйлөнсө болобу?” деген суроо берилет. “Болот, болбосо биз не үчүн согушуп жүрмүз” деген жооп алат. Жаӊы партия өз ишинде кыргызга жат ушундай эрежелерден оолак болушса деген ой айтабыз. Жанар Акаев жарыкка качан чыгат деп күтүп жаткан элек. Жанар Акаев да жарыкка чыкты. Ага жана анын партиясына ийгилик каалайлы!

                                                 Съездбек ЭСЕНБАЕВ, Кочкор району

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here