Колдо барды кордойбузКөлдүн чыгыш тарабынан, Жыргалаӊ суусунун боюнан орун алган эсил кайран Союз мезгилинде атагы таш жарып, ооруп барган адамга жан киргизип, жашоодон үмүтү үзүлгөндөргө ден соолук тартуулаган “Жыргалаӊ” курорту жылына миӊдеген бейтаптарды кабыл алып, элдин сообуна калып турар эле.

Кыргызстандыктар гана эмес ошол кездеги бирдиктүү он беш союздук республикадан келип жыл сайын дарыланып кеимшчү. Мезгилдин кайсы учуру болбосун тегирмендин барасындай иш кайнап турчу. Көрсө, көп нерсе иштин көзүн билген жетекчилерге тийиштүү окшобойбу… Союз тарап эгемендүүлүккө ээ болдук дегенибизде, өлкөдө согушу жок эле чарбалар чачырап, ишкана-мекеме, уюм дегендер баш аламандыкта калып тонолуп да, таланып да, таздын башындай тазаланып бүттү! Ал кезде “кой” дечү кожолордун да башы жетпей “чоӊ акырлардын” курмандыктары болушту. Ошол мезгилдеги абал бүгүнкү күндө да сакталып бир кезде союздук өлкөлөрдүн ичинен мыкты деп аталып келген “Жыргалаӊ” курорту кейиштүү абалда турат. Сөзүбүз жөндүү болуш үчүн Кыргызстан профсоюздарынын федерациясынын (КПФ)  “Кыргыз курорт туризм” башкармалыгынын өкүлдөрү катышкан буйругундагы АКТлардан көрсөтмөлөрдү келтирсек.

                                           Буйрук

О1.11. 2019. Г. Бишкек. №24 л/с. деген буйругунда, КПФнын санатория-курорттук жана туристтик мекемелердин коллегиясынын чечиминде “Жыргалаӊ” санаториясынын (01.11.2019 г. протокол №7 п.1)  текшерүүдө каржылык-чарбалык  ишмердигинин жыйынтыгында эсеп-кысап бөлүмүндө 1,240 миӊ сом жетишпегендиги аныкталган. Мына ушунун негизинде  “Жыргалаӊ” санаториясынын директору Байрам Жапаров КРнын Эмгек кодексинин (01.11.2019-ж.)  83-беренесинин негизинде аткарган кызматынан бошотулган. Бул кетирилген чыгымдарды кайтаруу жана чара колдонуу үчүн укук коргоо органдарына берилген.

                                                           Начальник  Ч. Токобаева.

Бирок, “уурусу күч болсо, ээсин доого жыгат” демекчи, “Жыргалаӊ” санаториясынын директору Б. Жапаров коллегиядан кийин  “ооруп калдым” деп, ушул кезге чейин караанын көрсөтпөй, же байланыш телефонун албай “кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” кылып жүргөнү табышмактуу нерсе.

Адатта, азыр баардык эле Б.Жапаров сыяктуу иши булганыч, таза эмес жетекчилер мындай шылтоолорду өнүккөн “тажрыйбага” айлантып, өнөкөт кылып алганын күндөлүк турмушубузда ачык-айкын эле көрүп жүрбөйбүзбү…

     Баарынан ада кызыгы (11.12. 2019-жылдагы)  түзүлгөн АКТда; “Жыргалаӊ” санаториясына КПФнын “Кыргыз курорт туризм” башкармалыгынын буйругу менен тааныштырганы барышканда Б.Жапаровдун энеси Гүлипа жыйырмага жакын адамды топтоп, санаториянын ичине киргизишпей “обончулардын” аллеясына айлантып мамлекеттик мекемени “жеке менчикке” айлантып алгандай жол тосушуп, ар кандай ээн ооз сөздөр менен кер-мур айтышып, келген комиссияны, милиция кызматкерлери менен бирге өткөрбөй да, сөз да бербей койгону таӊ калыштуу нерсе. Мына ушундан улам деги биздин өлкөдө мыйзам иштейби деген суроо туулат.

Кийинки АКТ 2019-жылдын 14-декабрында үч күндөн кийин кайра түзүлгөн. Анда, комиссия мүчөлөрү менен Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Акылбек Түкөбаев, райондук ИИБнин начальниги У.Канаев болуп барган учурда дагы көнүмүш адат катары мурдагы директордун энеси Гүлипа чоочун адамдарды санаториянын аймагына чогултуп алып киргизбөө аракеттерин кылышты. Аким Түкөбаев жагдайды түшүндүрүп, тиешелүү буйрукту жана коллегиянын чечимин чогулган адамдарга окуп тааныштырса да, кайра эле терс жагдайларын көргөзүшүп ар кандай сөздөр менен кыйкырышып “Манастагы” Абыке, Көбөштүн заманындагыдай абал азыр бизде да өкүм сүрүп баратканына өкүнбөй койбойсуӊ.

Ал эми АКТларды түзүүгө, КПФнын “Кыргыз курорт туризм” башкармалыгынын башчысынын орун басары Самарбек Күчүков, туризм жана экскурсия боюнча боюнча абашкы адиси Султан Бактыгулов КПФнын текшерүүчүсү Турусбек Тагаев, Ысык-Көл облустук совпрофтун башкы эсепчиси Гүлзана Тойтуева катышкан.

Дайрадай турмуш агымы агылып, күндөр өткөн сайын мезгил да жашоого ошондой талаптарды коюп жаӊыча иштөөгө, жаӊыча ой жүгүртүүгө алып келүүдө. 1960-жылы ачылган “Жыргалаӊ” курорту ошол кезде 164 койкалуу орундук, жыл бою үзгүлт үксүз иштеп келген. Туура, ддор алмашты. Үзгүлтүк болгон учурлар болду. Бирок, жараткан өзү берген дары, жылуу суулары, баткагы жер алдынан өзү чыгып бейтаптарга даба берип келет. Даяр турган имараттарды көз жаздымда калтырып, кайра аларды талап-тоноп, талкалап ишпалдасын чыгарып, элден жакшы сөз эмес жаман сөз угуп “курорттун кунары кетти” деген жүрөк өйүткөн өнүнүчтөр кимди болбосун тынчсыздандырбай койбойт. Учурда бул дарылануучу жайда жыйырмага жакын гана орундук калып, ал да болгону жайкы убакытта эле иштеп калган. Бул-ишкердик эмес, алдамчылык. Эптеп эле күн өткөрүүнүн бир түрү. Эл, мамлекет муну күтүп турбайт…

Жылуу сууга түшкөндөрдүн чөнтөгүнөн түшкөн акча каражаты менен учурда санаторияда эмгектенген жети адамды “эптеп” каржыламыш болуп, калган кирешелер текшерүүчүлөр далилдегендей “оӊду-солду” кете берген.

Ысык-Көл облустук совпрофтун төрагасы Э.Садабаев КПФнын “Кыргыз курорт туризм” башкармалыгынан бөлүнгөн 20 эс алуу, дарылануу жолдомо кагазын бекер алууга сунуш кылса “Жыргалаӊ” санаториясынын жетекчилиги албай баш тартканын кандай түшүнүүгө болот?! Анын акча каражатын КПФ которуп бермек. Бул эс алуу жолдомолорунун эсебинен 400 миӊ сомго жакын акча каражаты түшмөк. Анын эсебинен имараттарды оӊдоо иштерин жүргзсө болот беле деген суроо туулбай койбойт. Элди тейлөөдөн, дарылоодон коркот. Анткени, санаторияда бул деӊгээлде шарт да, тийиштүү кызматкерлер да жок. Баардыгы “кыргызчылык” менен тааныш, тууганчылык анан жан күйгүзгөн кайдыгерлик…

                                                                                                  Мурат  МУСАКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here