Италиянын Савона провинциясында жергиликтүү бир аял коронавирус боюнча карантинге алынгандан улам күйөөсүнүн өлүгү менен кошо бир нече күн бир үйдө жашаганын чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматта: бул коронавирустан улам өлгөндөрдүн денесине жакындоого болбойт деген жаңы киригизилген эреженин айынан болгондугу, өлүктү алгандан мурун, маркумдун жана анын туугандарынан анализ алуу керектелгендиги айтылат

Бийлик алгач маркум коронавирустан улам өлгөнүн аныктоо үчүн анализдин жыйынтыгын күтмөкчү болгон. Маркум 9-мартта өлүп, аялы ошол убактан бери күйөөсүнүн өлүгү менен чогуу бир үйдө жашап келген. Бирок, жыйынтыгында, жергиликтүү бийлик анализдин жыйынтыгын күтпөй эле маркумдун денесин алып кетүүнү чечкен.

Бүгүнкү күнгө карата, Италияда 12 миң 462 адам коронавирус жуктурса, андан каза болгондордун саны 827ге жеткен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here