Депутат Бактыбек Турусбеков парламенттин жалпы жыйынында коронавирус кооптуулугунан улам студенттер менен окуучуларды мөөнөтүнөн мурда каникулга таратууну сунуштады. Ал өз сөзүндө:

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөгө коронавирус пандемиясын жарыялап, кескин чараларды көрүп жатат. Америка Европа менен болгон авиакаттамдарын токтотту. Буга байланыштуу биз да коргонуу чараларын күчөтүп, студенттер менен окуучуларды мөөнөтүнөн мурда каникулга таратууну сунуштайм. Калган сабактарды жайкы каникул учурунда улантса болот. Биз 500-700 адам чакырып той-мааракелерди өткөрүп, бири-бири менен кучакташып, өбүшүп, конверт менен кол алышабыз. Муну дагы токтотушубуз керек», — деди.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов дагы ушул маселени көтөрүп, 15-марттан 15-апрелге чейин билим берүү мекемелерин жабууну сунуштады.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги 21-марттан 30-мартка чейин Кыргызстандын мектептери жазгы каникулга тарай турганын айткан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here