Эрмек  мырза, жеке ишкерлик менен Казакстанда, Кыргызстанда да бир топ жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, экономикалык маселелелерди, анын ичинде экспорт, инвестиция маселесин да жакшы билесиз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ушул айтылган маселелер сиздин көз карашыӊызда кандай болуп жатат?

—Укмуш болуп жатат деп айтканга азырынча реалдуу фактылар жок да. Мен өзүӊ  айткандай Казакстанда 15 жыл  жеке ишкерлик менен алектенип, жетиштүү деӊгээлде ийгилик жараттым. Кыргызстанда да азыр бир топ адамдарды иш менен камсыз кылып, мамлекетке аз эмес салык төгүп, өлкөнүн өнүгүшүнө, экономиканын көтөрүлүшүнө өз салымыбызды кошуп жатабыз. Экономика деген эмне? Жөнөкөй эле мисалды айтсак, миӊ сомду оӊ чөнтөктөн салып, сол чөнтөккө сала берүү – бул экономика эмес. Өзүбүздүн экономикабызды көтөрүүгө жетиштүү ресурстар болбогон соӊ, андай учурда сырттан инвестиция сөзсүз тартылышы керек. Бизге инвесторлордун талапка ылайык келбей жатышынын себеби – биздеги мыйзамдардын бири-бирине каршы келиши жана иштебегени болуп жатат. Мына ушул фактор  инвестиция тартуу маселесине сокку уруп, абдан аксатып жатат.  Эӊ жаман менеджер – бул мамлекет деп айтылган  сөз бекеринен айтылбайт да. Казакстандагы  өнүгүүнүн бир этабын  айтайын. Алар мамлекеттин колундагы көптөгөн мүлктөрдү жеке адамдардын колуна мамлекеттке пайдалуу  шарттар менен беришти. Жеке адамдар  мамлекеттен алган мүлктөрдү иштетип, жакшы жыйынтык көрсөтүп, Казактандын экономикасына пайдубал болуп беришти. Себеби, жеке мүлктү  башкаргандар кол алдындагылардын уруулугуна, коррупцияга жол бербейт да. Бизде азыр эмне деген мүлктөр мамлекеттин карамагында иштебей турат. Эми азыр аны мамлекет жеке ишкерлерге, жеке адамдарга иштетүүгө беришсе да оӊой менен алышпайт. Себеби, ошол мүлктү берген жетекчилер жарым жыл, же бир жылда ар кандай себептер менен камалат. Анан алардан мүлктү алгандар да аркасынан ээрчип, азабын кошо тартып жүрөт. Ушундай көрүнүш тилекке каршы Кыргызстанда калыптанып калды да.

—Ушунун баары бизде коррупциянын деӊгээли жогору экенинен  ачык кабар берип турат да…

—Мен билгенден бизде  мамлекет үчүн жанын берип иштей турган, кыйын мекенчил жигиттер  көп эле. Алар жакшы эле аракет кылып, элге жага турган иштерди жасайлы дешет, бирок жасай алышпайт. Себеби, андай мыкты иштерди жасоого бизде канча жылдан бери жедеп канга сиӊип бараткан система, ар кандай тоскоолдуктар жол бербейт. Азыр биз мактансак эмнебиз менен мактанабыз? Баягы эле агрардык өлкөбүз, дыйкандарыбыз көп киреше таап, жыргап жатышат деп министрлик статистиканы көбөйтүп айтат, анан дүжүр, кошоматчы эксперттер да укмуш кооздоп сүйлөп, элди ишендиргенге аракет кылышат. Бирок реалдуу карасак, иш жүзүндө андай болбой эле турат да. Мисалы, бир дыйкан быйыл 500 тонна картошка алса, эмки жылы ал 1000 же 1500 тонна картошка алса, ошону өнүгүп жатат деп айтсак туура болот.  Тилекке каршы, 500 тоннасын сата албай, чыгым болуп жатса, эмки жылы 1000 тонна алмак турсун, такыр картошка айдабай коёт. Ошон үчүн мамлекет дыйкандарга баардык тараптан жардам кылып, алган түшүмүн сыртка экспорттоого болгон жардамды бериш керек. Бирок экспорт десе эле баарын экспорттоп жибербей, өзүбүздүн ички рынокту  да камсыздашыбыз керек. Мына аз күн мурун өкмөт башчы дүкөндү кыдырып карап чыкты, ал жерде сатылган товарлардын 90 пайызы сырттан келгендиги көрүнүп турду. Жакында премьер-министр соода борборлорундагы азык-түлүктөрдү карап чыкты. Көрдүк ал жакта сатылгандардын 90 пайызы жалаӊ импорттолуп келген товарлар экен. Мына ушундан эле бизде айыл-чарбанын жакшы өнүкпөгөнү ачык көрүнүп турат. Себеби, биз көп учурда өзүбүздү- өзүбүз толук камсыздай албай жатабыз. Ошон үчүн өкмөт дыйкандар менен тыгыз иштешип, болгон жардамын бериши зарыл. Антпесе, өнүгүү болбойт.  Дагы бир жаман  жери бизде бюрократия абдан көп. Ушуга  бир мисал айтайын, биздин “Сары-Өзөн Дыйкан” базарынан картошка алып Түркмөнстанга экспортко чыгаруу аракетин көргөн түркмөн жигити мага кайрылып: “Жардам берип коюӊузчу”- дейт. Мен ага: “Мен болгону таза картошка  чогултуп берүү боюнча жардам берем”- дедим. Чынында башка маселелерден жардам бере албайм да. Эмнеге дегенде, ал ишкер биздеги бюрократиядан коркуп жатат. Ишкер деген тиешелүү  уруксат кагаздарды талапка ылайык бир эле кабинеттен жарым саат, ашып кетсе 1 саат ичинде алып чыгып кетиши керек да. Тилекке каршы бизде андай болбой жатпайбы. Өкмөт бюрократияга да катуу чара көрүшү зарыл. Кытайдын азык-түлүгү дүйнө жүзүндө эмне үчүн арзан? Анткени, кошумча нарк салыгы 12 пайыз болсо аны өкмөт төлөйт.  Ишкер болсо НДСке чыгым болбогондуктан арзан сатып жиберет. Чыгым 5 сом болсо 5 сомго сатат. Чынында биздин Кыргызстанда экономиканы көтөрө турган негизги эки  тармак бар. Бири  биз сөз кылып  жаткан айыл чарбасы болсо, экинчиси туризм. Мына ушул эки тармакка  болгон күчүбүздү сарптап, өнүктүрүшүбүз зарыл. Бизде саясатта жүргөн чоӊ ишкер инсандарыбыз көп эле. Аларды саясаттан бир аз алыстатып, ишкерлигине колдоо кылып турса, мамлекетке пайдасы  чоӊ болмок…

Э. Маркабаев: 8-мартта апаларды куттуктап…

—Сиз эми базар иштетип, өлкөбүздүн экспорт-импорт маселесин жакшы билесиз. Жоон териӊиз менен сезип жатасыз да. Бул маселе боюнча ахыбал кандай болуп жатат, эмнени байкап жатасыз?

—Экспорт  акыркы жылдары өсүп кеткен да жок, түшүп кеткен да жок. Түшүп кетсе, 10 пайызга түштү. Болбосо  бир калыпта эле. Мисалы, азык-түлүктү экспорттогон  5 жыл мурун 3 киши болсо, азыр деле ошол 3 киши экспорттоп жатат. Бирөөсү мандарин, экинчиси, капуста, үчүнчүсү картошка сатып көнүп алган. Экспортко чыгарган азык-түлүк көлөмү деле баягыдай, же өсүп кеткени, же төмөндөп кеткени байкалбайт. Ал 3 адамдын жанына жылына жок дегенде 30 киши кошулуп турса, азык-түлүк, жер-жемиштер учурунда  экспорттолуп турса  өнүгүү болмок. Мына биз карап, байкоо салып жатабыз. Базарларга , айрыкча кышында  азык-түлүк, ар кандай жер-жемиштердин 99 пайызы сырттан ташылып келип жатат. Помидор, керек болсо пиязга чейин импорттоп жатышат. Былтыр чеснокту сата албай, төгүп калса, быйыл киллограммы 400 сом болуп жатат. Кыскасы, ушундай. Айыл чарба министрлиги байкоо салып, жөнгө салбайт. Иштин көзүн билбегендер кантип жөнгө сала алышмак эле. Анан дыйкандар өз билгенин каалагандай айтып жатышат. 250 миллион эли бар  ЕАЭСке мүчө болуп, чоӊ базарга кирүүгө мүмкүнчүлүк алдык. Бирок бул боюнча иш ырааттуу жүргөн жок. Жакында “Орион” мейманканасында айыл чарба маселеси боюнча чоӊ семинарга чакырып калышты. Барып,  ал жерде айтылган “ийгиликтерди” айтып олтурса, айла жоктон күлөт экенсиӊ. Чынында бизден Россияга, же Казактанга 10 машина азык-түлүк ташып барса, анын 7-8син кайра артка кайтарып жатышпайбы. Айтор, кагазда башка айтылганы менен иш жүзүндө башка болуп жатпайбы. Инвестиция келсин дейбиз. Макул келип жатат дейли. Бирок ошолорго талапка ылайык шарт түзүп берип жатабызбы? Кеп ушунда да.

—Казактанда да, Кыргызстанда да ишкерлик кылып, ийгиликке жетишип, бир топ адамдарга жумуш берип, татыктуу айлык менен  камсыздап, мамлекетке да кыйла салык төгүп жүрөсүз. Бизде ишкерлерге канчалык деӊгээлде жеӊил шарттар түзүлдү?

-Укмуш жеӊил, баары сыдыргыга салгандай шар кетет деп айтканга болбойт. Бирок өкмөт бул багытта бир катар иш-аракеттерди жасаганы менен ал аракеттер жетиштүү болбой турат. Жогоруда бюрократия көп деп айттык. Ошол бюрократияны азайтуу керек. Мындан бир нече жылдар мурункуга салыштырмалуу ишкерлерге шарт түзүү ишинде жыйынтыктар болуп баратат. Маселен, текшерүүлөрдү азайта баштады. Мурун 10дон ашык текшерүү болсо, азыр анын көбү кыскарды. Эми ишкерлер  калган иштерди өздөрү да жасашы керек. Мурунтан коркуп калган ишкерлер бар да. Алар ошол корккондон улам, ишкерлерликке болгон күчүн жумшабай, акырын жүрүшчү. Азыр андай көрүнүштөр буйруса артта калып баратат. Андыктан ишкерлер Кыргызстандын экономикасынын локомотиви болушу зарыл. Чынында ишкерлерди өлкө жетекчилери колдоп турса, мамлекетке эбегейсиз пайда келтиришет.

—2015-жылы  “Замандаш” партиясынан парламенттик шайлоого катыштыӊыз эле. Быйылкы шайлоого да катышасызбы?

—Ооба. 2015-жылы шайлоого катышканбыз. Буйруса быйыл күздө өтө турган парламенттик шайлоого катышабызбы, же катышпайбызбы, аны убакыт көрсөтөт. Айылда аксакалдар, туугандар бар. Алар менен кеӊешип, кеп –сөзүн угуп, ошого жараша чечим кабыл алабыз да. Эӊ башкысы депутат болсок да, болбосок да ар кимибиз өзүбүздүн колубуздан келген ишти жасап, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуп турсак, баары жакшы болот деген ойдомун

Булак…Багыт…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here