Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку министри Талантбек Батыралев «Түрк аба жолдору» компаниясынын учагында адам өмүрүн сактап калгандыгы маалым.
16-январда Бишкек-Стамбул каттамында жашы 60тан ашкан айым өзүн начар сезип, тил-ооздон калып, денеси тырышып баштаган. Учакта аны менен бара жаткан Т. Батыралиев ага алгачкы медициналык жардамды көрсөтүп, дары-дармек бергенден кийин оорулуу адам өзүнө келип, экипаждын кызматкерлери кубанычка бөлөнгөн.
Көп өтпөй аталган компания экс -министрге: “Биздин жүргүнчүнүн абалына кайдыгер калбай, ага убагында медициналык жардам көрсөтүп, учактын экипажын колдогонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздин өз ыктыярыңыз менен адам өмүрүн куткарууга жасаган аракетиңиз биз үчүн маанилүү», — деген мааниде ыраазычылык катын жиберген.
Талантбек Батыралиев Бүткүл союздук кардиология илим борборунун аспирантурасын бүтүргөн. Кыргызстан кардиология илим изилдөө институтунда илимий кызматкер. Англия менен Түркияда бир топ жыл эмгектенген. 2014-2018-жылдары Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигин жетектеген

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here