2018-жылдын 6-июнунан бери абакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жубайы Малика арстанбекова   бүгүн эгиз төрөдү. Бул тууралуу маалыматты анын жакындары тастыганын айтып, жергиликтүү булактар жазып чыкты.

Исаков буга чейин төрт кыздын атасы болгон. Кичүү кызы ал өкмөт башында турган кезде, 2017-жылы 1-октябрда туулган.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Сапар Исаков Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча айыпталган.

С. Исаковдун аялы М. Арстанбекова
Сапар менен Малика…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here