Жогорку Кеӊештин тармактык комитети партиялар боюнча мыйзамды биринчи окуудан карай башташты. Ал мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымына караганда бул долбоор колдоо таап, ишке ашып калса анда шайлоо жыйынтыгына жараша көп добуш алып, жеӊишке жеткен партиялар мамлекет тараптан каражат алып калат. Кайсы арына десеӊ? Албетте, шайлоодо бийликчил жана байлардын партиясы акчанын күчү менен утушка ээ болушат. Анан ошол   колдоосу күчтүү партиялар мамлекеттик казынага кол салып, өз кызыкчылыктарын ишке ашырууга оӊбогондой акча алышат эй… Мындай өзүм билемдик, нааданчылыкка эгерим жол бербешибиз зарыл. Болбосо, бул маселе бийликчил партиялар өздөрүнө кам  көрүп, жамбаштап жатып алып “жайлай” турган жайлоосун “майлуу-сүттүү” кылууга багытталып турганы Эштекбайдан энөө баласына деле бештен белгилүү болуп турат. Мындай сугалыктык, мындай ыкма менен калктын жонунан кайыш тилүү маселеси Акаев, Бакиев, Атамбаевдин тушунда да болгон эмес. Эгер, бул мыйзамга президент Жээнбеков кол коюп, колдоп койсо анда  бул мыйзам анын бетине чиркөө болуп, тарыхта аты кара тамгалар менен жазылып калат. Бирок эл деле бул ишке жол бербейт. Андыктан, бийликчил билерман, бирок элди ойлобой, өзүн ойлоп жаткан өзүмчүл атка минерлер эмитен кысчу жерин кыспаса, эртеӊ кеч болуп калат. Элдин каргышынан да коркуу зарыл эмеспи… Баса бул мыйзам долбоорун таӊуулап аткан “таӊ булбулдарынын” бири Алтыбаеванын да партиясы бар. Бул айым 10 жылдан бери депутат. Бирок элге кылган омоктуу эмгеги жок… иши кылып илешкенден илешип эле келаткан салмагы жоктордун бири…

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here