Аты улук, бирок заты курук дегендей Экономика министрлигине караштуу “Кыргызстандарт” мекемесинин кандай иштерди аткарып жатышкандыгы боюнча дээрлик маалыматтар жок.

Билгендер бул мекеменин жетекчилиги желип-жортуп саякаттап, командировкагаларга көп чыгаарын айтып жүрүшөт. Бирок ошол иш-сапарларга чын эле барып жатабы, же барбай эле ага бөлүнгөн акчалар сол чөнтөккө кетип жатабы? Чынында бул жагы да чоӊ суроо. Эл кызыккан бул суроого жетекчилер Аданбаев, Капаров, Соронбаев дегендер болгонун болгондой ачык-айкын жооп кылып коюшса. Мисалы, 2019-жылы иш-сапарларга канча акча каралган? Ал акча менен кайсы мамлекеттерге барып, кандай иш бүткөрүштү? Укук коргоо органдары да “узун укуругун” ушул тарапка бир буруп, иликтеп-жиликтеп койсо ашыкча болбос…

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here