Жапонияда коронавируска байланыштуу карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесиндеги кыргызстандык жаран Бишкекке кайтып келип ал дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматта: ал 14 күндүк обсервацияга жаткырылып, абалы туруктуу экени, анализдери текшерилип жатканы айтылат.Жапониянын жээгине келген «Diamond Princess» саякат кемеси 3-февралдан тартып вирустун айынан карантинге алынган. Кемеде 3000ден ашык киши бар экени, алардын 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталган. Кемедеги кыргыз жараны 15-февралда Токиодогу Аскердик госпиталда байкоого жаткырылган. Бир нече жолу анализдери коронавируска текшерилип, таза чыккан. Коронавирус жукпаганы аныкталып, 29-февралда госпиталдан чыгарылган. Саламаттык сактоо министрлиги 9-мартка карата Кыргызстанда жана кыргызстандыктар арасында коронавирус жугузгандар жок экенин билдирди. Ал ортодо коронавирус көп катталган өлкөлөрдөн Кыргызстанга кайтып  келишкен кыргызстандыктар калп айтышып, “Казакстандан келатабыз”- деп алдап, жергиликтүү паспортторун көрсөтүшүп үйлөрүнө кетип калышкан. Бир канча күндөн кийин алардын алдамчылыгы ашкереленип, тиешелүү көзөмөлгө алынган. Ал эми Россияда коронавирусту жуктуруп, бирок аны жашырып жүрө бергендерди 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда. Бул маселе бизге да керек болуп тургансыйт…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here