Эх, эмнесин айталы, ыя? Учурда биздин коомдо жашаган киши зерикпей калды го, чиркин! Зерикмек түгүл жинди болуп кетейин дейт. Азыр алакандай кыргыз алты эмес, алтымыш пикирдин башын айтып, жаат-жаатташып бөлүнүп, ар тарапты карап турган чагы. Албетте,  демократиялуу өлкөдө ушундай эле болот дээрсиңер, бирок, биз демократияны ашынып колдонуп жатабызбы деп коем, делдеңдетип салды го, бизди демократия? Кереги жок жерде да, кереги бар жерде да акылыбызга келгендин, акча бергендин сөзүн колдоп, табиятыбызга такыр туура келбегенди да өзүбүзгө чаптап, айтор, ашмалтайыбыз чыгып атат.

Бирибиз исламчы, бирибиз теңирчи, дагы бирибиз баптист жана башка агымды тутунуп, анан улутчул, феминист, ал жетпей калгансып атамбаевчи, райымчы, текебаевчи, жээнбековчу жана башка айтор, баары аралашкан коомдо жашап жатабыз.

Былтыртан бери калың журт феминист, каронавирус жана башка сөздөрдү үйрөндү. Ааламдашуу деген ушу экен, акырындап көпчүлүккө арлашып бара жатабыз…

Буга чейин кыргыздар феминист деген кыймылдар бар экенин билбей эле кай бир башка улуттардай аялды буюм деңгээлине түшүрүп ийбей укугун сактап келген. “Кыздын кырк чачы улуу” деп, төрдөн  орун берип, энени кутка теңеген. Антпесе, Каныкейдей, кыз Сайкалдай, Курманжандай Уркуядай, кыздар кайдан чыкмак? Ошентип кыргыз кыргыз болуп, ушу күнгө жетти да.

Албетте, айтылбаган, жазылбаган мыйзамдар менен кыз баланы илбериңкиликке, аруулукка, адептүүлүккө, акылдуу жана сергектикке тарбиялап келген. “Кырк үйдөн тыйып” турган. Акырындан аял, эркектин ордун белгилеген. ү

Анан советтик бийлик орноп, ал аркылуу аялдардын тең укуктуулугу жөнүндө сөз болду. Жаман болгон жок. Ал деле болсо акырындап, өз орду менен жүрдү. Кыз кишилерди көтөрө мактап, дем берип турду. Жогорку сьезддерге алып барды. Шайлоодо аларга атайын орундар берди. Ошондо биздин апалар эркектер менен кошо жарыша жер айдап, мал багып, техникаларды  башкарды. Мына ошондо Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова, Күлийпа Кондучалова, Сабира Күмүшалиева, Бүбүсара Бейшеналиева жана башкалар чыкты. Бирок да, алар көчөгө чыгып, “Аялдар төрөйбү, коебу өз иши” деп кыйкырган жок. Улуттук этиканын чен-өлчөмдөрү менен болуп, жүрүм -турум эрежелерин сакташты. Андан баркы кетип же укугу тебеленип калган жок.

Ошол кезде көлдө обустук деңгээлде жетекчилик кызматтарда иштеген эжеге бир аял күйөөсүнүн үстүнөн арызданып келген экен.  Эже ал аял менен сүйлөшүп, ага акыл айтып олтуруп: “Менин күйөөм деле мас болгондо ошентип менин айламды кетирет. Мен элдин кашында жүрсөм эле ойлойсуңбу, менин турмушум жипке тизгендей деп. Мен деле үйгө барганда кадимки аялмын. Камыр жуурам, күнүмдүк оокат-тиричилигин жасайм. Күйөөңдү эптеп алдап-соолап, соолукканда акылыңды айтып оңдоп ал”,- деген экен. Ошондо тиги келин таң калбаганын көрүп ал! Мыны, ошентип жүрүп эле кыргыз аялдары куттуу коломтосунун отун өчүрбөй келишти.

Албетте, быйыл 6 аялдын күйөөсүнүн колунан ажал тапканы өтө өкүнүчтүү окуя болду.  Бул- өтө чоң трагедия.  Мындай мыкаачылар ар бир элде, ар бир жерде бар, тилекке каршы! Бирок, биз бул маселени “Мен төрөбөйм, мен чай куйбаймга” жеткирбешибиз керек. “Боткобуз аралашкан” коомдо ар бирибиз өз ордубузду билели. Ата, эне, бала, кыз, келин, күйөөбала жана башка. Бүгүн бала болсоң, эртең күйөөбала, анан ата болосуң, кайын ата, чоң атага жетесиң. Бүгүн кыз болсоң, эртең келин, анан кайын эне болосуң, калдайып. Кыскасы, бул турмушта карылыкка барчу жолду бүгүн чабасың деген кыргыз эли.  Аны көбүртүп-жабыртып жазуунун кереги деле жок го.

Кечөө жакындагы аялдардын жүрүшү бир карасаң, кадимки эле акция катары бааланат. Мындайча айтканда, былтыркы жүрүштүн жана тарых музейиндеги окуянын уландысы. Мына, ушинтип аны кадыресе карап койсок да болот. Бирок, алардын укук маселесин биздин улутка таптакыр жат көрүнүштөр, чакырыктар менен көтөрүп чыгышы туура эмес. Биз укук талашабыз деп эле ич кийимибизди башыбыздан бийик көтөрө беришибиз бери болгондо адепсиздик болсо, ары болгондо акылсыздык. Мына ушундан эле биз учурда улуттук идеологияга таңсык экенибиз билинет.

Ооба, акциядагыларды кубалаган “калпакчандардын” кылыгы да аша чапкандык болду. Ошентсе да, кыргызмын деген ар бир атуул өз ата бабасынын нарк-насилин тебелегендик-ага чыккынчылык кылгандык болот. Мындай кебетебиз менен кыпындай калк эртең эле улут катары дайыныбыз чыкпай калат. Эртең эле маңкурт болуп калабыз. Ошого шашылбайлычы, байболгурлар! Кечөөкү аялдардын укугун коргоп чыккан кыздардын көтөтргөн плокаттарын карачы, кыздар коомчулукка кыйкырып айтчу сөзбү ушул?                                                                                       Ансыз да кимди угарын билбей турган балдарыбыздын башын айлантпайлы! 

Жумагүл БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here