Эртеӊ менен газондогу чөптө баскан кандай ырахат, бирок андагы отоо чөптөрдүн өсүп чыгуусу көӊүлдү чөктүрө турган нерсе. Бакчаны гүлдөтүш үчүн отоо чөптөрдөн арылуунун сырларын билип алыӊыз.

Сода отоо чөптүн биринчи душманы

Отоо чөптөрдөн арыла албай жатсаӊыз отоо чөп чыккан жерге сода сээп коюӊуз, ал жакка отоо чөп чыкпай калат.

Туз

1 стакан тузду 2 сткан кайнак сууга аралаштырып өсүмдүктүн тегерегине куясыз, отоо чөп жолобойт.

Уксус

Чача турган пульверизаторго уксус куюп тамыр жакка чачыш керек. Бирок өсүмдүктүн тамырынан абайлаӊыз, антпесеӊиз өсүмдүктү да өлтүрөт.

Арак

30 мл аракка  бир нече тамчы суюк самынды жана 2 стакан сууну кошуп аралаштырасыз. Пульверизатор менен отоо чөпкө себесиз. Ал аралашма отоо чөптү соолутат дагы бир нече убакыт өсүүсүнө тоскоол болот.

                                                              Автор: Салтанат САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here