Мурунку президент Роза Отунбаева 8-марттагы аялдар маршын токтоткон милийсаларга сөз айтып, ИИМ министри Кашкар Жунушалиевди кызматтан кетүүсүн талап кылды. Кыргыздын түпкү тамырына шек келтирген, шек  келтирмек турсун алардын баарын жокко чыгарган, кыргыздардын “маӊкурт” болушун каалаган  күчтөргө каршы чыккандарды колдобогон Отунбаевнын бул кадамын калк  колдогон жок. Ооба, биз да Кашкарды эгерим колдобойбуз. Ал толгон-токой былыктары менен эчак кызматтан алынышы керек эле. Бирок  Отунбаева  ашынган феминисттерди колдоп, бир жыныстууларды жактап тургансыганы өтө эле пастык иш. Бул Отунбаеванын деӊгээли болбош керек эле. Уркуя Салиева атындагы «Революция каармандарынын» эстелигинин жанында кечээ күнү  аялдардын укуктарын коргоо акциясы өтүп, анда «Зордук-зомбулукка каршы!», «Эки жүздүүлүккө каршы!» деген өңдүү ураандар чакырылды.

Акцияга Роза Отунбаева, Мира Жангарачева, Чолпон Жакупова, Азиза Абдурасулова баштаган коомдук ишмерлер, укук коргоочулар катышты. Акцияга милиция көз салып турду.

8-мартта аялдардын зомбулукка каршы жүрүшүнө чыккандарга чагым жасалып, милиция аларды кууп таркатып, кармап, 11 кишиге айып салган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатат.Тилекке каршы, ушундай болуп турат. Айла жок, улуттук баалууктарга каршы чыккандарды чыккынчылар дегенден башка  аргабыз жок. Силерге да Кудай өз жазасын берээр…    

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here