Рита Карасартова деген укук коргоочу аялды мамлекет эркелетип, Билим берүү министрлигине караштуу агенттиктин бакыйган директору кылып дайындады эле. Бирок бул НПОчу айымга андай кызмат жаршпайт экен. Себеби, ага мамлекеттин кызматы, этикасы онунчу маселе турбайбы. Бишкекте НПОчулардын, гейлердин, лесбиянкалардын кандай митингдери болсо да килейген кызматын унутуп салып, ошол жерге чуркап барып, ошолордун укугун коргоп кыйкырып, өкүрүп жүрөт. Бул айымга мыйзам иштебейби? Гейлерди колдосо, мамлекеттик кызматта тыңгылыктуу иштебесе, Америкасына кетип калсын да, ошол жанагы “менин жатыным, менин ишим, төрөбөйм” дегендери менен кошо. Кыскасы, мамлекет ушундайларды тартипке сала албай, ашмалтайы чыгып жатат. Карасартованы дагы канчага эркелетет болдуңар экен. Мамлекет ушундай маселеге келгенде таптакыр мажирөө, бир байкуш эмес экенин эч эле көрсөтө албай койду го. Деги мамлекетти ойлогон мекенчилдер барбы, же баарыңар эле байлык, кызмат деп жеке кызыкчылыктын кулу болуп, маңкурт болуп калгансыңарбы, иттики десе, кызыталак, кыйтылар…

Булак: Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here