Бишкекте 6-март күнү  5 –кичи районунунда төбө чачты тик тургузган кылмыш катталды. Мурун Октябрь райондук сотунда иштеген судья аялын бычактап өлтүрүп, андан соӊ 10 жаштагы баласына 9 жолу бычак сайган. Маркум аял анын экинчи жубайы экени, өзүнөн 10 жаш кичүү экени айтылууда.

Акырында ал өзү да асынып өлүп тынган. Сөөгү жуунчу бөлмөдөн табылган.

Бактыга жараша бычакталган бала аман калды. Бирок анын ахыбалы оор. Кадыресе эсине келип, сүйлөп баштаганы айтылат. Ага керектүү жардамдарды каалоочулар берип жатышат. Азырынча ата сөрөйдүн бул кылмышка эмне себептен барганы ачыктала элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here