Жакшы абалды алып келе албай жаткан өлкөлөрдө саясатчысы оголе көп болот экен. Аны Кыргызстандын мисалында айтып жатам. Ушул тапта саясатка аралашсам деп жүргөндөргө жана аралашып жүрөм дегендерге сан жетпей калды десек болот. Бирок, чыныгы саясатчы деп бүткүл журт таанып билгендерден жокко эсе. Өзүн саясатчы деп эсептегендер жана эл чала-була ошол ойго кошулуп койгондор саналса, анда момундай тизме болуп уланат: Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Феликс Кулов, Иса Өмүркулов, Жыпар Жекшеев,  Акматбек Келдибеков, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Бабанов, Рыскелди Момбеков,  Клара Ажыбекова, Жылдыз Жолдошева, Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Алмамбет Шыкмаматов, Турсунбек Акун, Ишенбай Кадырбеков, Жанар Акаев, Жеӊиш Молдокматов… баарын кайдан санап бүтөйүн, антсем, кыргызда «жөн киши» калбай калат ко?!

            Ооба, заманыбыз ошол болду, эки ооз курчурак сүйлөгөн неме эле өзүн «саясатчы» атап, андан ары кетип «андай кылыш керек, мындай кылыш керектен» уландысы бар кылып айтып, билгенин баарын айтып, билбегенин билгенге кошуп айтып… «саясатчы» болуп «орношуп» алат. Алар кандайдыр бир күтүүсүз окуялар болгон жерге алгачкылардан жетип, бир нерсе чечип жаткансып, наркы-терки чуркай басып, баягы «мындай кылыш керегинен» кайра-кайра айтып турат да! Жаман окуяны ого бетер жаман кылып таштайт…

            «Саясат ( грекче мамлекет же коомдук иш) – тап, улут ж.б. социалдык топтор ортосундагы мамилелер менен байланышып, негизги максаты – бийликти жеӊип алып кармоо жана пайдалануу болгон ишмердиктин чөйрөсү» — деп Кыргыз энциклопедиясында жазылган. Ошол эле жерде «саясат» деген кептин ток этер жерин айткан мааниси кылымдар талаш болуп келип, аны марксизм кезинде гана даана аныкташкан деп айтылат. Анан ошол «марксизм айткан мааниге» саресеп салат. Жеке менин ага мээм толук жеткен жок, «марксизм» деген коммунисттер чыгарган жана элге таӊууланган илимий көз караш да. Андыктан ал көз караш деле чындыкты ачып бере албайт.  Жанагы энциклопедияда айтылган «бийликти  жеӊип алып кармоо жана пайдалануу» дегени азыр саясат дегендин өзү го… Азыркы саясатчылардын негизги тилеги ошол болуп жатпайбы!

            Биздеги саясатчылардын баары оппозициядан өсүп чыгат. Ооба, бир-эки ирет митингдерде бийликке каршы айтылган маани менен кыйкырып, анан аша кетип, «президент кетсин» дегенди кошо айтып эле «саясатчы» болуп чыга келет. Эми ошол ат ал тирүү турганда өзүнө энчилүү болуп калат. Эл дагы аны «саясатчы» катары кабыл алып калат… Бүттү, кетти… Айта кетүү керек, оппозицияда турган саясатчылардын көбү мурун бийликте тургандар, аз болсо да элдин ырыскысынан жеп койгондор, анан ал тараптан куулгандар… Ушундай кызык- кызматтан алындыӊбы дароо саясатчы болуп, болгондо да оппозицияда турган саясатчы болуп чыга келет. «Саясатчымын» деп жүргөндөрдүн көбү популисттигинен саясатчы болуп алышкан…

            Кийин көбүрөөк болуп кетти, оппозициядамын деген саясатчылар бийликти катуу сындап, анан ошол бийликтен кызмат алып кетип жатат. Ушул маселеде, ошол оппозициядамын деген саясатчы да, ага кызмат берген бийлик да «болбогон абалдагы» немелер… Былтыртан бери Азимбек Бекназаров, Эдил Байсалов, Рита Карасартова сыяктуулар бийликти сындамыш этип жүрүп кызматка жетишти окшойт…

            «Саясатчы» деген атты алып жүргөндөрдүн даанасы кандай болуш керек? Аны мен так, даана айтып бере албайм. Бирок, аздап окшоштуруп айтса болот. Андай адам биринчи иретте, адамдык деген тереӊ мааниге эгедер болуш керек, кругозору аябай кеӊири, токтоо, бирөөнүн сөзүн уга билген, кезеги келип турса, туура сөз айткан, жулунбаган жана популисттик маанайы жок, көтөрүлбөгөн,  өзү жашап турган мамлекетиндеги абалды толук билген, чындыкты жана мыйзамды сактаган, «мен» дегени экинчи орунда турган, өзүнөн мурун өӊгөгө күйгөн, ошол мамлекеттин тарыхын мыкты өздөштүргөн… адам болууга тийиш ко… Көрдүӊөрбү, накта саясатчы болуш үчүн мыкты сапаттан көбү керек, жана андай адамдар чанда жаралат! Ошол саясатчынын учурдагы милдети, мамлекетинде бийликтин кайсы жолу элге жакшылык алып келалбай жатат, канткенде абалды оӊдоп кете алат?-деген суроого туура  жообу болуш керек…

            Ырас, азыр саясатчымын деп жүргөндөрдүн көбүнүн билими тереӊ, кругозору кенен, чечендиги да жакшы… бирок, накта саясатчы болуш үчүн бир нерсеси жетпейт: бирине токтоолук, экинчисине чындыкка тике кароо, үчүнчүсүнө токпейилдик, төртүнчүсүнө айкөлдүк… Баары-баары ордунда да анан эле керектүү бир сапаттан куру да…  Баары ордунда болуп, анан керектүү сапаттан бири эле жетпей турса, анда жалпы абалды толук жакшы кыла албайт!

            Мен топ саясатчыдан бир саясатчыны бөлүп айткым келет, анткени, аны көп жылдан бери билем, кеминде 30 жыл дейин…

Мамлекетке жакшылык алып келүүгө тереӊ иштелген реалдуу программасы бар «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариевди айттым. Мына ушул жигит саясатчы деген атка накта татыктуу дээр элем. Анын адамдыгы, билими, тереӊ түшүнүгү, токтоолугу, токпейилдиги, социалдык-экономикалык абалды талдай билгендиги, көрө билгендиги… алар чогулуп келип – жигиттиги,  ж.б. саясатчыга керектүү сапаттардын баары түгөлү менен бар. Жараткан бул жигитти «саясатчы» болуп, элине кызмат кылсын деп атайын жаратып койгондой. Ооба, ал бир катар кызматтарда иштеди, жакшы иштеди. Ишинде өксүктөр болсо, айталы, премьер-министр болуп турганда, өзүнө байланышпаган себептер менен болду…

Атаганат, Темирдин ушунусуна суктанам. Ал бир туугандарына жардам берип,  баары үй-жайлуу болгондон кийин гана өзүнө үй салган экен! Кыргыздардын ушул мыкты сапаты- бир туугандарга чын дилден кам көрүү, күйүп туруу ыйык сапат ко бир! Бир туугандарына күйгөн адам элине да ошондой эле күйөт!

            …Темир Сариевдин ошол турушун таптакыр унута албайм да! Бакиевге каршы митингдердин биринде бийлик митингчилерди таяк менен сабап, көздөн жаш чыгарчу ок менен атып, иттерди айдактап…айтор, чилче таратып турбадыбы! Ошондо трибунада жалындуу сүйлөп, «эл үчүн жанымды берем» деп турган митинг башындагылардын бири калбай жансоогалай качып жок болушканда, ошол жерде көздөн чыккан жашын сүртүп жалгыз Темир Сариев гана калган! Анын ошол учурдагы сүрөтү кан күйгөн согушта Манас баштаган баатыр чоролордун баары  элин душмандан тосуп турганын  элестеткен, андан бери келип, төшүн окко тоскон Чолпонбайды элестеткен! Темирдин ошол, чын ит менен, аларды айдактаган «киши иттерден» качпай турган кебетеси жомоктогу эл-жерин коргоп турган баатырлардай эле! Ошол көрүнүш анын жигиттин жигити экенин дааналап турду го! Ошол көрүнүш Темир Сариев эли үчүн, элинин чындыгы үчүн өлүмгө тике карап турганын дапдаана көрсөтүп койду!

            Накта жигиттин жигиттигин көп айта берип, ошол сөз менен  сынынан тайдырып албайлы… Эми ал жөнүндө бир сөзүбүз бар- негизги сөзүбүз да ошол – Темир Сариев Сооронбай Жээнбековдон кийинки президент болчу жигит! Ал үчүн Темирдин турпатында баары бар. Аны кайра баштан чечмелеп олтурбайын. Эл туура чечим кабыл алып, Темир Сариев президент болсо,  анда кыргыз эли бир оӊолуп алат эле! Бул күтүлгөн чындык!

            Айта кетейин, бул макалада Темир Сариев жөнүндө кыскача гана айттык. Убакыт өтсө, дагы да дааналап, анын кандай адам экендиги, ушуга чейин кандай жол баскандыгы, ишмердүүлүгү, үй-бүлөсү… жөнүндө өзү менен байланышып кенен баян кылабыз… буюрса дейин…

          Автор:   Баратбай АРАКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here