Бишкек шаарынын Ленин райондук салык кызматы башкармалыгынын бөлүм башчысы Н.Ш. менен инспектору С.Р. пара талап кылуу фактысы боюнча кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматта: жооптуу кызматтагы адамдар жеке компаниянын эсепчисинен салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын оң жакка чечип берүү үчүн 25 000 АКШ долларын талап кылышкан. Алар жакында эле салык кызматынын инспектору С.Р. жогорудагы сумманын 5000 долларын алган. УКМК 6-марта Ленин райондук салык кызматынын башчысынын жана инспекторунун кабинеттерин тинтүү учурунда жеке компаниянын салык боюнча текшерүүдө көрсөтүлгөн документтерин таап чыккан.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси («Опузалап пара талап кылуу») боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here