Жапонияда коронавируска байланыштуу карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесиндеги кыргызстандык Бишкекке кайтып келди, ал дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматта: ал 14 күндүк обсервацияга жаткырылып, абалы туруктуу экени, анализдери текшерилип жатканы айтылат.

Жапониянын жээгине келген «Diamond Princess» саякат кемеси 3-февралдан тартып вирустун айынан карантинге алынган. Кемеде 3000ден ашык киши бар экени, алардын 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталган. Кемедеги кыргыз жараны 15-февралда Токиодогу Аскердик госпиталда байкоого жаткырылган. Бир нече жолу анализдери коронавируска текшерилип, таза чыккан. Коронавирус жукпаганы аныкталып, 29-февралда госпиталдан чыгарылган.

Саламаттык сактоо министрлиги 9-мартка карата Кыргызстанда жана кыргызстандыктар арасында коронавирус жугузгандар жок экенин билдирди.

Акыркы маалыматтарда: Кытайдан чыккан коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3100 адам каза болду, 58 миңдейи айыгып чыкты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here