– Мэрия митингдерге тыюу салуу керектигин сунуштап жатат. Буга кандай карайсыз?

– Элдин митингге чыкканга конституциялык укугу бар. Ал укугунан эч ким ажыратууга акысы жок. Эл өз оюн айтканга, бийликке жеткиргенге укуктуу. Ал эми аны жеткирүү үчүн митинг, пикеттерге чыгышат, ЖМКлар аркылуу угузушат. Бир нече адам чогулуу үчүн мэрияга кайрылып, уруксат алышканы – мыйзамдуу нерсе. А мэрия кайсы жерде, кайсы мөөнөттө митинг өткөрүүгө боло турганын тактап бериши керек. Тыюу салгандык туура эмес. Кыргызстанда ар бир жаран өз укугун тоскоолдуксуз пайдалана алат. Мэриянын бул сунушун кайсы депутаттар колдоп беришсе, туура эмес иш кылган болушат.

– Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылган митингдин кечкисин улантылышы боюнча кимдер жоопкерчиликке тартылыш керек?

– Митинг чынында мыйзам бузуу менен өттү. Менимче, жазага тартыла тургандар бар. Себеби, саат 17:00дөн кийин колдоруна таш көтөрүп, “бийликти алабыз” деген чакырыктар менен Акүй тарапка агылышты. Мыйзам бузуу болду. Укук коргоо органдары ал күнкү окуяга баа берет го. Тынчтык митинги мындай болбош керек эле. Белгиленген убакытта чогулуп, ойлорун, талаптарын айтып, мыйзам бузбай, кайра тарап кетишсе болмок.

– ЖКнын айрым кызматкерлерине кол көтөргөн аялдардын маселеси көтөрүлүптүр…

– Ал аялдар абдан туура эмес кылышты. Шермендечилик да бул көрүнүш. Мас болуп алган аялдар келип, ЖК имаратынан чыгып бараткан жөнөкөй кызматкерлерди жакалап, муштап жатышат. Ошондо мен болгондо сазайын берип, тепкилешмекмин. Экинчи мындай көрүнүш болбосун үчүн аларды сөзсүз таап, жазалаш керек.

– Негизи, коомчулук арасында протесттик маанай күчөп кетпеши үчүн бийлик эмне кылыш керек?

– Эл жөн чыкпайт көчөгө. Кандайдыр бир нааразылыктар пайда болгондо, көйгөйлөрүнө бийлик тараптан көңүл бурулбай жатканда чыгышат. Ошон үчүн бийлик элдин нааразылыгын туудурбай, митингге чыкканга аргасыз кылбаганга аракет кыла иштеши керек. Эгерде эл митингге чыкса, анда сөзсүз бийликтин же өкмөттүн өкүлү чыгып, чогулгандарга жолугуп, талаптарын угуп, аткара аларын, же аткара албасын, анын себептерин түшүндүрүп, ортодо пикир алышуу болушу абзел. Бул бир чети элге жакындыкты шарттайт.

– Эмил мырза, Касымбеков деген киши жубайыңызга таандык компанияны сиз андан тартып алганыңызды айтып жатат. Мунун канчалык чын-төгүнү бар?

– «Бай Элим» компаниясынын башкы директору Рысгүл Акимжанова менин жубайым. Ал эми жанагы Кеңешбек Касымбеков деген киши жөн гана кардарлардын бири. Ал 11 миллион 162 миң сомдук товарды алып, тийешелүү жактарга таратып берип, акчаны кайра алып келген эмес. Ошондуктан, компания Касымбековдун үстүнөн арыз жазган. Учурунда соттук дистанциянын бардык стадиясында «Бай Элим» компаниясы аны утуп алган. Тагыраагы, сот аны ушул сумманы төлөп берүүгө милдеттендирген. Куру жалаа жапкандын кесепети ушул. Анан ал бир нече жолу, мен депутат болгонумдан бери куру доомат артып, «тартып алды» деп шантаж кылганга аракет кылып келет. Анын жалаасын щантаж кылам деген ою оңунан чыкпайт, арам ою ишке ашпайт. Компания мыйзам чегинде иштеп жатат. Ал соттун чечимин аткарып, карызын төлөп бергенге милдеттүү.

Булак: “Азия Ньюс”

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here