Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

«Кытайда 280, Италияда 352, Түштүк Кореяда 2348, Иранда 67, Жапонияда 64 жараныбыз бар. Булар консулдук каттоого тургандар», — деди Абдрахманов.

Сөз болуп жаткан мамлекеттерде акыркы 30 күн ичинде болгон кыргызстандыктар өлкөгө келгенден кийин 14 күн карантинде болот.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда баш-аягы 1500 адамдан анализ алынып бардыгы таза чыккан. Учурда 300дөн ашык киши обсервацияда жатат.

Өпкөнү сезгенткен коронавирус Кытайда, Түштүк Кореяда, Иранда, Италияда жана Жапонияда катталды.

28-февралда Кыргызстан аталган өлкөлөрдүн жарандарынын өлкөгө келишине убактылуу чектөө киргизген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here