Жадыраган жаз мезгилинин көркүнө көрк, ажарына ажар кошо турган майрамдардын  бири – бул айымдардын 8 –март эл аралык майрамы экенин талашсыз. Бул майрамдын кыргыз коомчулугунда эле эмес, жалпы дүйнө коомчулугунда  да орду чоӊ. Чынында аял заты бул дүйнөнүн күндүзү күндөй болуп, түнкүсүн айдай толуп нур чачыратып, жашообузду жаркыратып турат!

8-март майрамын жеке эле аялзаты  чыдамсыздык  менен күтпөстөн эркектер да күтөт. Себеби, эркектер ушул күнү өзүн тогуз ай  көтөрүп толготкон, он ай көтөрүп омурткасын сыздаткан асыл энелерин, бир тууган эже-карындаштарын, сүйүктүү жубайларын, бирге иштешкен айымдарын, деги эле  жалпы  аялзатын куттуктап, белек берүүгө ашыгышат. Демек, бул майрамды көркүнө чыгарып, шаӊга бөлөй турган, аялзатын даӊазалай турган – биз эркектер эмеспизби.

Андыктан ак элечек апалар,  асыл эжелер, ай-көкүл карындаштар, замандын жүгүн бирге көтөргөн күжүрмөн кесиптештер! Сиздерди эл аралык 8-март майрамыӊыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Сиздерге чыӊ ден-соолукту, узун өмүрдү, майтарылбас кажыбас-кайратты, ашып-ташып турган бакыт-таалайды, жаркылдаган жайдары маанайды каалайбыз! Ооматыӊыздар ашып-ташып, ойлогон ой-максаттарыӊыздар орундалып, оору-сыркоодон алыс болуп, турмушта айымдарга тиешелүү бакыт-таалайды  тилейбиз!

 Урматтуу айымдар! Дүйнө сулуулугун сактап турган сиздерсиздер. Аялзаты бар  — аалам сулуу, асман жарык, эркектер күчтүү! Бар болуӊуздар, бажырайган биздин ардактуу айымдарыбыз!

                                                       Сиздерди тереӊ урматтап, “Кыргыз жылуулук энерго” мамлекеттик ишканасынын генералдык директору Нишанов Нурлан баштаган мырзалары!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here