Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров митингдер өлкөдөгү позитивдүү иштерге кедергисин тийгизип жатканын бүгүнкү жыйында айтты:

-Биз алдыны көздөй жылышыбыз керек. Экономикада жашылдандыруу, жаңылануу деп жакшы позитивдүү ойлор айтылып жатат. Ушундай учурда кээ бир болуп жаткан митингдер жана башка иш-чаралар, тилекке каршы, кедергисин тийгизип келүүдө. 2012-жылы Кыргызстанда тынч чогулуштар жөнүндө атайын мыйзам кабыл алынган. Ар бир жаран өз оюн эркин билдирүүгө акылуу , бирок ошол эле учурда баары мыйзам чегинде болушу керек.

Бакиров буга чейин бийликкти ашкере мактап, ашкере кошомат кылган айрым билдирүүлөрү менен коомчулук тараптан катуу сындарга кабылган.

Чынында митингдер жок болгон учурда укмуш өсүү болуп жатабы? Мына ушул маселени Бакиров эмне үчүн айтпайт?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here