1941-1945-жылдардагы согуштун ардагерлерине Жеңиштин 75 жылдыгына карата Кыргызстанда бир жолку төлөнүүчү акчалай жөлөкпул катары 75 миң сомдон берилет. Бул боюнча жарлыкка мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ушул тапта Кыргызстандагы согушка катышкан 251 эле ардагер калгандыгы айтылууда

2020-жылдын 4-мартына карата маалыматка ылайык, Кыргызстанда 251 ардагер калган. Алардын 65и согуштун майыбы болсо, 153ү катышуучу, 15и бала кезинде концлагерде, геттодо жана башка мажбурлап кармоо жайында туткун болгондор, 18и Ленинград курчоодо калганда ошол жакта иштегендер.

2010-жылдын 1-январынан тартып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай 7000 (жети миң) сом компенсация берилип келет. Ардагерлерге президенттин өмүр бою берилчү стипендиясы төлөнөт. Стипендиянын көлөмү айына 10 000 (он миң) сомду түзөт. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here