Кыргызстан – мал-чарба азыктарын, биринчиден эт өндүрүүгө ылайыктуу келген жайыты көп (900 миӊ гектардан ашык) тоолуу республика. Бирок алардын көптөгөн аянттары пайдаланылбай келет. Жалпы жайыттардын 54 %ы жайкы жана 29 %ы жазгы-күзгү жайыттар түзөт. Акыркы жылдарда койдун саны кескин кыскарды, жылкы менен уйдун башы өсө баштады. Жайыттын көбу бош калып, алардын түшүмдүүлүгү жогорулады. Азыркы убакытта республикабыздын тоолуу жайыттарында жыл сайын 300 миңден ашык Бодо малды семиртүүгө болот. Ошондуктан, бул табигый жайыттарды рационалдуу пайдалануу Кыргызстандын шартында арзан жана экологиялык жактан таза уй этин өндүрүү, аны чет мамлекеттерге экспорт кылуу абдан маанилүү жана келечектүү маселе. Жайыттарды толук пайдалануу жана тоолуу райондордо жашаган элдин экономикалык абалын көтөрүү учун эт багытындагы бат жетиле турган атайын породаларды чыгаруу жана өстүрүү өтө зарыл болуп турат. Эт багытындагы породалар, cүт-эт багытындагы малга караганда чыдамдуу, ар түрдүү ооруларга туруктуу, тез өсүп жетилет, бат семирет жана бордолот, этинин, терисинин сапаты да жогору турат. Эт багытындагы малдар эрте жаздан кеч күзгө чейин тоолуу жайыттарды максималдуу пайдаланышат. Мындай малдардын кымбат турган курулуштарга, көп сандагы жем-чөпкө муктаж эместиги, ошол эле мезгилде чоң салмакка жетиши, этинин даамы мыкты экендиги дүйнөлүк практикада далилденип турат. Эт багытындагы породалардын продуктуулугун изилдөө үчүн 1970-жылдан баштап республикага атайын мындай породалардын асыл-тукум букачаларын чет мамлекеттерден алып келе баштаган, алар: Абердин-ангус, Галловей, Алабаш казак ую жана башкалар. Алардан алынган урук менен Жайыл районунун мурунку «Чалдовар» савхозунда Ала-Тоо породасындагы кунаажындар жана уйлар уруктандырылган. Тажрыйбада 1-муундагы 50 баш аргын букачалар, 35 баш кунаажын топтолгон. Аргындардын туулгандагы салмагы Ала-Тоо породасына салыштырганда 4-6 кг га аз болгон, бирок кийин тез өсүп жетилген. Жаш малдар бир жашка чейин колдо, чыктуу тоюттан көбүрөөк берилип багылган. Жалпы тоюттун ичинен чыктуу тоют 54,0% ти, жем 24,4%ти түзгөн. Бир жаштагы аргындардын тирүүлөй салмагы 234-238 кг болгон. Бир жаштан баштап булар жайытта кошумча тоют берилбестен багылган. Бул убакытта чарбанын жакшы жайыты болбогондуктан кошуусу азыраак (450-500гр)болуп калды. Андан кийин алар 2 айдын ичинде 25,4% ке көбөйүп, тирүүлөй салмагы(13-14 айында)310,8 кг га жетти. Абердин-ангус, Галловей породаларынан алынган аргындарды бордоп семиртүү Сокулук районунун чарбалар аралык комплексинде өткөрүлдү, 6 айга чейин музоолор «Россия» колхозунда, «Октябрдын 40 жылдыгы атындагы» жана «Чалдовар» совхозунда, андан кийин бирдей тоюттандыруу шартында комплексте багылган. Буларга 18-19 айга чейинки мезгилде төмөндөгүдөй тоют чыгымдалган: сүт-3,47%, чыктуу тоют-42,81%, кесек тоют-26,86% жана жем-34,05%. Аргындардын тирүүлөй салмагы Ала-Тоо породасындагы малга салыштырганда 18 айында 35кг га, 24 айында 76,8кг га көп болгон. Ала-Тоо-Галловей породасынын аргындарынын тирүүлөй салмагынын өсүшү 18 айдын ичинде 16,9 жолу, ал эми Ала-Тоо породасыныкы болсо 14,1 жолу көбөйду. Аргындардын тирүүлөй салмагы 434,5 кг га жеткен жана туулгандан тартып орточо күнүмдүк өсүшү737 граммга жетти. Жогоруда айтылгандай Абердин – ангус породасынын алынган аргындар тоюту жана багуусу жарашса бат өсүп-жетиле тургандыгын далилдейт. Уй чарбасында сүт өндүрүү менен бирге эле эт өндүрүүнүн да мааниси чоң. Себеби, бир кишинин бир жылдык этке болгон талабынын физиологиялык нормасы 81,8 кг ды түзөт, анын ичинде уй эти 30-35 кг болуш керек. Кыргызстанда болсо бир кишинин бир жылдык этке болгон талабы  2006-жылы да 44 кгды түздү, тактап айтканда уй этинин жетишсиздиги 48,8%ти түзөт.Ошондуктан, Кыргызстанда уй этин өндүрүүнү жана анын сапатын тез аранын ичиндекөтөрүү үчүн атайын эт багытындагы уй чарбачылыгын өнүктүрүү зарыл.Мына ушуларды эске алуу менен Кыргыз мал-чарба, ветеринария жана жайыт илим- изилдөө институтунун окумуштууларынын алдына мамлекеттик мааниде: «Кыргызстанда эт багытындагы бодо малдын породасын чыгаруу» деген темадагы маселе коюлган. Республикабызда азыркы кезде толук пайдаланылбай жаткан таза мал этин өндүрүү булагы жана экспортко сатууга мүмкүн болуп калаарына, ошондой эле, келечекте тоолуу райондордогу жашаган калкыбыздын социалдык-экономикалык абалынын оңолуп кетишине биз чоң ишеничтебиз.Жогорудагы малыматтар уй этин өндүрүүнүн артыкчылыгын далилдеп турат.Эт багытындагы уй чарбасы кеңири таркаган кээ бир өнүккөн өлкөлөрдүн жетишкендиктеринен мсал келтирели. Англияда эт багытындагы уй чарбасынын атайын асыл-тукум багыты бар. Жылына ал уйларды башка өлкөлөр сатып алып турат. Ошондуктан, ал жерде бул тармак экономикалык жактан пайдалуу. Францияда да сырткы сода-сатыкка асыл-тукум эт багытындагы уйларды жана уй этин сатууну көбөйтүүдө.Японияда элдин жыштыгына карабай 2,5 миллонго жакын эт багытындагы уйлар өстүрүлөт. Ал эми АКШда уй чарбасынын 75%ын, Канадада 64%ын эт багытындагы уйлар түзөт. Бул багыттагы иштер биздин республикада 70-жылдары башталган. Бирок, тилекке каршы, буга жакшы көңүл бөлүнбөй, кеңири таркалбай калган эле. Россиянын Оренбург шаарында Бүткүл Рассиялык эт багытындагы уйларды өстүрүү боюнча илим-изилдөө институту бар. Институттун эт багытындагы уйларды өстүрүү боюнча 5 асыл-тукум чарбалары сакталып турат. Чарбаларда симментал, герефорд жана казактын ала баш породасындагы уйлары өстүрүлөт. Баардыгы болуп 78 жумушчу бар, анын ичинен 11 айыл-чарба илимдеринин доктору, 37 айыл-чарба илимдеринин кандидаттары иштейт. Ошончолук институт, породалар болгону менен Россияда сүт багытындагы уйлардын санына салыштырганда ар бир жүз сүттүү уйга 1 баш эт багытындагы уй туура келет, же 1 процентин түзөт. Ал эми биздин шартты айтбай эле койсо түшүнүктүү. Ошол себептен айтылган көйгөйлөрдү эске алып Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыт илим-изилдөө инститиутунда эт багытындагы уйларды өстүрүү боюнча лаборатория уюшулуп үзүрлүү эмгектенүүдө. Илимий кызматкерлер жергиликтүү Ала-Тоо тукумундагы уйларды Абердин-ангос породасындагы букалардын уругу менен уруктандырып жакшы сапаттагы аргын музоолорду алып(I-II муундагы ) алардын өнүгүүсүн, эктерьерин,эт сүт азыктуулугун, гемотологиялык өзгөчөлүктөрүн, этологиялык жана башка көрсөткүчтөрү окуп изилдөөдө. Алдын ала жыйынтыгында ала-тоо жана жергиликтүү тукумдагы уй-кунаажындарды абедин-ангусс букаларынын уругу менен уруктандыруу максатка ылайыктоо. Себеби шароле, киян жана башка салмагы чоң букалардын уруктандырылган уйлар кээ биринин музоолору чоң болгондуктан тууй албай кыйналат. Ал эми Абердин-ангосс аргындары салмагы аз болуп бат жетилет.

Жасалма уруктандыруу жайылтылып, сүт өндүрүү жогорулап жатат

Республика боюнча 2015-2019-жылдарда ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандырууда 368 173 баш уй кунажындар уруктандыруудан өткөрүлгөн. Алардан 229 403 баш (80%) музоо алынды, анын ичинен 114 711 баш ургаачы торпоктор.

2019-жылда жасалма уруктандыруу жолу менен алынган 90 миң баштан ашык кунажындардан 20 литрден кем эмес сүт саалып алынып, 2019-жылда республика боюнча ар бир баш саан уйдан 20.5 литр сүт саалып алынды же ар бир уйдан сүт саап алуу 2002.3 кг көтөрүлдү. Бул көрсөткүчкө 2015-жылдан бери жасалма уруктандыруудан алынган асыл тукум кунажындардын сүттүүлүгүнүн негизинде жетишилди.

Жасалма уруктандырууну республика боюнча жайылтып, сүт өндүрүүнү дагы жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр бар.

Багыт кж.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here