Салиха аял

Аалымдардан бир зат жаш жана сулуу бир келинди сыноо үчүн мындай деди:

– Сендей сулуу келиндин ушундай өңсүз күйөөсү болгону жакшы эмес.

Күйөөсү өңсүз, кир жүргөн, көрүмсүз адам болгон сулуу келин ал аалымга кооз жообун берди:

Эй, аким! Сиз жаңылыш сүйлөдүңүз. Сөзүңүз туура эмес. Мындай сөздөрдү сиздей аалымдан угуп абдан иренжидим. Анткени күйөөмдүн Алла Тааланын алдында бир сообу бар болсо керек, мени ал соопко карата бир сыйлык катары ага насип кылса керек. Балким мен бир күнөө иш кылган болуум мүмкүн. Жараткан бул күнөөмдүн жазасы катары мени ага бергендир. Жараткандын берген тагдырына ыраазы болуу керек.

Ал аалым сулуу келинге:

– Балам, мен сени диндар жана акылдуу аял экениңди сезген элем, ошондуктан бир сынап көрөйүн дегенмин. Кызым, аялдарда бейишке кирүү үчүн эң эле улуу керемет күйөөсүнүн жаман пейилине сабыр кылуу. Бул сабыр аларды бейишке алып барат. Бейиши болгон салиха аялдын белгиси жана алааматы күйөөсүнө баш ийүүсү, күйөөсүнүн көңүлүн алуусу, күйөөсү жокто кайырлуу дубаларды окуусу жана анын мал-мүлкүн сактап, этияттоосу сыяктуулардан турат. Менин бул айткандарым салиха аялдын бейишке кирүүсү үчүн бир жол болот, — деп насыйкат кылды.

Булак:Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here