Аз күн мурун   улуттук филорманияда 2019-жылы кыргыз спортун көтөрүүгө салым кошкондорду, мыктыларды тандоо иш-чарасы болуп өттү. Бул кыргыз спортуӊ деле жедеп саясатташып, ким акча берсе ошол адам шайтан да болсо мактап-жактап, таманын өпкүлөп калышты. Бул сөздү бекеринен айткан жерибиз жок. Мына ушул иш-чарада спортчуларга кам көргөн мыкты меценат катары элдин кыжырына тийип, каргышына калып жаткан РАИММИЛЛИАРДды тандап алышты. Кыскасы, бул иш –чара ошол чыгаан спортчулардын эмес, РАИММИЛЛИАРДдын даӊкын чыгарып, элге актоо үчүн уюшулгандай. Болбосо РАИММИЛЛИАРД башкалардай болуп ак эмгеги менен байыса го мейли, анын байлыгы мамлекеттин байлыгы экенин ачык эле айтып жатышпайбы. Ошто да спорт башкармалыгын башкарган РАИММИЛЛИАРДдын досу Саркарбаев бир спортчуну атып, мыкты жетекчи аталган. Кыскасы, мамлекетти тоногондор, адамдарды аткандар акыркы жылдары мыктылардын мыктысы эле болуп жатып калды. Деги каякка барып токтоор экенбиз!

Булак: Багыт.кж

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here