—Сизге да жакшы маалым болгондой жергиликтүү кеӊештерге боло турган шайлоо абдан курч мүнөздө өтө турганы эмитен байкалууда. Төбө чачты тик тургузган фактылар катталып жатпайбы.  Ошол фактылар боюнча күнөөлүү адамдар жоопко тартылат деп ишенесизби?

Турак –жай боюнча  кодексте бир адамга 12 чарчы метр туура келери тууралуу маалымат бар да. Аны эске алсак, 100 чарчы метр  үйгө 8-9 адам жашашы керек. Ал эми 1 үйгө 1300гө чейин адамды каттап салгандары бул акылга сыйбай турган көрүнүш да. Бирок  азырынча ушул иштерди кылып, элдин нааразычылыгын туудуруп жаткан адамдар толугу менен жоопко тартылып, жазаланат деп 100 пайыз ишенүү кыйын. Себеби, президентибиз өзү деле сот реформасы толук ишке аша электигин какшап атйып жатпайбы. Бирок  сот ж.б. тармактардын баарында акырындык менен өсүштөр байкалып жатат.

—Сиз шайлоо боюнча мыйзамдын 7 пайыздык же  9 пайыздыгын колдойсузбу?

Мен 2016-жылдары 9 пайыз боюнча мыйзамды колдогом. Ошол мыйзам каралып жатканда мен 9 пайыз эмес, 12 пайыз кылууну сунуштагам. Бирок ал сунушум колдоо таппай калган. 9 пайыз колдоо таап жаткан учурда эч ким каршы болгон эмес, баары үндөбөй,  колдоп коюшкан. Эми шайлоого жакын калганда ошол учурдагы позициясынан кайтып, элге ар кайсы кепти айтып жатышат. Эмне үчүн ошол учурда чыркырап чыгышкан жок? Айтор бул боюнча көп сөздөрдү айтса болот.   Менин жеке оюм шайлоо боюнча мыйзамда босого чек канча жогору болсо, саясатта, шайлоодо лидерлер, талапкерлер жана эл да ошончо биригет. Ынтымак күчтүү болот. Азыр кандай болуп жатат? 7 пайызды, андан төмөн 5, жада калса 3 пайыз кылууну да сунуштап жатышпайбы. Шайлоо босогосунун чеги канча төмөн, канча аз болсо партиялар ошончо көп болуп, анын натыйжасында бөлүнүү да көп болорун баарыбыз эле билебиз да. Биримдик болбосо – өнүгүү да болбойт. Ошондуктан биз саясатта болобу, экономикада болобу, же азыр биз кеп кылып жаткан шайлоо учурларында да биримдикти күчөтүүгө басым жасашыбыз зарыл. Бүт кыйындын баары бириксин! Ошол биригүү менен өздөрүн көрсөтүшсүн! Бизде өмүр бою оппозицияда жүргөндөр бар эмеспи, алар бир гана сындаганды билишет. Керек болсо бир да бак тиккен эмес. Мына ошолор да шайлоодо биригип, күчүн сынашсын.                                             

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here