Атасындай улуу, бирок бай адамга, болгондо да мурунку бийликтин эркек талтаӊы Илмияновдун жээни Асан Мансуровго  тийип, биринчи кезекте таланттын эмес, акчанын күчү менен сахнада «жылдызы» катуу жанган Самара Каримова эми Ош шаардык кеӊешине боло турган шайлоого катыша турган болду. Албетте, кайсы партия менен болмок эле, бийликтин «Биримдик» деген партиясы менен аттанып, өзүн эмитен депутат катары сезип турган чагы. Буга чейин Каримова бир эмес, эки ирет жетекчилик кызматка жетпей, катуу сындарга кабылган. Биринчисинде «Сулайман-Тоо» тарыхый музейинде, андан кийин Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын директорлугуна дайындалгандан бир күн өтпөй кайра кызматтан алынган. Себеби, ага жамаат каршы чыккан. Күйөөсү Асан мырза Маданият министрлигине караштуу Түштүк маданий борборун жетектейт. Анын буга чейин Оштогу сауналары ачыкка чыкканда, ал «апамдын сауналары» деп айтып, катуу сынга кабылган. Айтор, азыркы заман «акчаӊ болсо калтаӊда, талтаӊда да, талтаӊда» болуп калбадыбы. Азыр акылдын жана абийирдин заманы эмес, акчанын гана заманы болуп турат.  Анан Каримова сындуулар депутат болбогондо ким болмок эле? Көрөсүӊөр, Каримова шаардык кеӊешке депутат болгон соӊ, Жогорку Кеӊешке депутат болом деп ээлигип чыгат. Анткени, «аялдар квотасы» деген балээ көп аялдарга бала төрөгөндү, үйдүн куту болуу ж.б. аялдарга тиешелүү ыйык нерселерди унуттуруп койбодубу.  «Ак буудайда айып жок, жасап берер зайып жок» — деген кептер бекеринен айтылган эмес да…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here