Кечээ күнү Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдин уюштуруучуларынын бири, экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана акциянын активдүү катышуучусу УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мекемеден ырасташкандай, кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») менен кылмышка шектелүүдө. Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, аталган адамдарга карата жасалган кылмыш тууралуу билдирме берилип, бөгөт чарасы каралат. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

УКМК 2-марттагы митингдин уюштуруучулары катары Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, Амангелди Артыков жана башкалар кармалганын билдирген. Жогоруда аты аталгандардан башкасы кайра коё берилген. Ички иштер министрлиги митингде милиция кызматкерлери 166 жаранды кармашкан, анын 4тө кармалып, калгандары кое берилген

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here