—Махабат айым, сиз  парламенттин  Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетин бир нече жылдан бери жетектеп жатасыз. Ушундан улам мен алгач жакында жетекчилиги алмашылган Мамлекеттик курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба агенттигинин иши тууралуу суроо узаткым келип жатат. Мурунку жетекчи президенттен катуу сын угуп, кызматтан кетти. Ажонун ал сыны сиз жетектеген комитетке да тиешелүү болуп калат эмеспи. Анткени, сиздер аталган комитеттин ишин көзөмөлгө алып, тыкыр иштешесиздер да. Ушул маселе боюнча кененирээк айтып берсеӊиз?

—Президентке убагында тиешелүү маалыматтардын баарын берип турушат. Ал киши ким кандай иштеп жатат, баарын билип, ошого жараша өз пикирин билдирет да. Биздин комитетке да курулуш тармагында алектенген ишкерлер абдан көп кайрылып турушат, биз алардын көйгөйлөрү, чечилбей жаткан маселелери боюнча бир топ жыйындарды өткөрүп жүрөбүз. Мурунку жетекчи Бакыт Абдиев  жакшы иштегенге аракет кылып, бир топ иштерди аткарды. Ишкерлерге да жагымдуу шарттарды түзүүгө кам көрдү. Бирок ал агенттикте  жетекчинин колунан келбей турган да бир топ чоӊ иштер бар. Ал иш биздин да колдон келе бербейт . Мисалы, курулушта инженердик секторго, атап айтканда сууга, электр энергияга  уруксат  берүү боюнча чынында көйгөй бар. Талапка ылайык “Бирдиктүү терезени” иштетүү үчүн мына ушул көйгөйлөр толук чечилиши керек. Мындай чоӊ маселени агенттик өзү чече албайт, ал үчүн өкмөт киришип, комплекстүү чара көрүшү зарыл. Болбосо азыр уруксат алуу иштери жеӊ ичинде, акча менен бүтүп жатканы эч кимге деле жашыруун эмес.  Биз бул маселе боюнча абдан катуу киришип, атайын комиссия түзүп, өкмөт менен талкуулап, бир топ иш алып бардык. Бирок жыйынтыгы биз күткөндөй болбой турат. Мына ушул маселени биринчи кезекте  талапка чечүү зарыл. Азыркы жетекчи Урмат Кокочаров ушул тармакта узак жылдан бери иштеп, чоӊ тажрыйба топтогону маалым. Бирок бул маселени ал дагы жалгыз чече албайт. Чечүү кыйын. Мындай көйгөйлүү чоӊ маселеге премьер-министр, президент кошо киришпесе, жыйынтыгы жакшы болбойт. Жаӊы жетекчи жасай турган иштер абдан көп. Мисалы,  генпландар, СНИПтер боюнча иштерди тездетип,  курулуш курууда жогорку технологияны колдонууну да күчөтүшүн каалайт элем. Мындан тышкары, мектеп курулуштарынын долбооруна,  тендер өткөрүүдөгү коюлган бааларга катуу көз салынса дейт элем. Мисалы, айрым учурларда бир эле окшош долбоордогу мектеп Нарынга 65  миллионго салынса, Ысык-Көлдө 50-55 миллион сомго чейин салынып калат. Бул маселени биз сураштырып көрсөк, тендер өткөргөндө ушундай эки башка баа берилет деген жооп болгон. Жаӊы жетекчи ушундай көрүнүштөргө көбүрөөк көӊүл бурат деп ишенгим келет

—Быйыл жалпысынан капиталдык курулушка канча каражат каралып, канча социалдык объектилер курулат? Деги эле бул багытта кандай өзгөчөлүктөр бар?

—Негизинен капиталдык  курулушка жылдагыдай эле өлчөмдө каражат каралып жатат. Бирок бул маселеде бир чоӊ кемчилик бар. Себеби, Каржы министрлиги тарабынан  капиталдык курулушка  каралган акчаны өз убагында бөлбөй, абдан кеч бөлүп жатат. Кээ бир курулуштарга күзгө жакын тендер өткөрүшөт. Көп учурда акчаны ошентип кеч беришет да. Жылдын аягында курулушка бөлүнгөн каражат иштетилбей калды деп кайра жыл башында каралган каражатты артка кайтарып алып жатышпайбы. Бул эми абдан туура эмес көрүнүш. Ушул маселге өкмөт да тиешелүү деӊгээлде көӊүл бурушу зарыл. Быйыл буга чейин курулушу башталып, 70 пайызга чейин бүтүп, токтоп калган объектилерди биринчи кезекте бүтүрүү чечими каралган. Мына ушул маселеге басым жасалат, андан кийин  каражат муктаждыгы чоӊ курулуштарга каралган.

—Ат-Башыга логистикалык борбор салынбай калган соӊ, ал борбор эми түштүккө салынышы мүмкүн деген маалыматтар тарап жатат. Бул маселе боюнча оюӊузду ортого салсаӊыз?

—Негизи эле логистикалык –индустуриялык  борбордун салынышынын эрежелери, талаптары өкмөт тараптан  абдан дыкаттык менен иштелип чыгышы зарыл. Андай борбор Кыргызстандын кайсы аймагына салынбасын, кандай инвестор салбасын ал борбордун контролдук пакети кыргыз тарапта болушу зарыл. Мисалы, 51 пайыздан көбүн өкмөттүн өзүндө, же болбосо кыргыз ишкеринде болушу керек. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө ушундай эреже иштейт. Биз да ошол эрежеге өтүшүбүз абзел.  Дагы бир маселе, андай борборго берилген жерди 49 жылга ижарага берүүнү да колдобосумду буга чейин да айтып келгем. Казакстанда жерди 20 жылга ижарага берүү маселеси көтөрүлгөндө эл кандай каршы чыкканын билебиз.   Жергиликтүү элдин каршы чыкканы да бекеринен болгон жок. Эл ушуга каршы болгондуктан өз позицияларына бекем турду. Балким бул аракеттер кыргыз экономикасына терс таасирин тийгизет дегенибиз менен жердин бүтүндүгүн сактап калууга жетишти деп айтсак болбойт. Эгер өкмөт эми логистикалык –индустриялык борборду түштүккө салабыз дешсе, мен ал маселени колдобойт элем. Колдоого алсак, анда жогоруда айтылган талаптарды колдонуу менен, катуу талаптар аркылуу ишке ашырышыбыз зарыл. Негизи өкмөт башында логистикалык борбор деп эле маалымат таратып жатышкан, кийинчерээк логистикалык –индустуриялык борбор деп атап калышты. Индустриянын мааниси, ал боюнча жасала турган иш башка да. Бул жөнүндө бир катар маселелерди айтсак болот. Демек, экологиянын бузулушуна келе турган багыттар да камтылганын байкасак болот.

Булак: Чагылган.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here