—Абтандил мырза, жакында президент Сооронбай Жээнбеков  шайлоо босогосу тууралуу Жогорку кеӊеште сөз сүйлөп: “ 9 пайызга азыр саясый күчтөр даяр эмес экен, 7 пайыз  бул биздин басып өткөн жолубуз” деп айткандан бери коомчулукта демек, шайлоо босогосу 7 пайыз болот экен деген түшүнүк калыптанып калды. Мен билгенден сиз кезинде  9 пайыз боюнча мыйзамды колдогонсуз. Бирок сиздей болуп колдогон бир топ кесиптештериӊиз позицияларынан тайып, кайра 7 пайызды жактап калышпадыбы. Бул маселе боюнча сиз азыр кандай көз караштасыз?

—Чынында мен 9 пайызды колдогон депутаттардын биримин. Азыр дагы ошол позицияда турам. Себеби, депутат болом деген адам өзүнүн аймагында шайлоочулардын 9 пайыз ишенимине татыбаса, анда ал кандай депутат болуп, элдин көйгөйүн чечүүгө кандайча салым кошо алат. Эл мени колдойт, мен тазамын деп өзүнө ишенгендер бул 9 пайыздык босогодон коркпойт деп ойлойм. Депутат болуп шайланганда элге бир барып, анан мөөнөтү бүтө жаздап калганда бир барып койгон депутат депутат деле эмес да. Андайларды эл да катуу сынга алат. Ошон үчүн депутат 5 жыл бою айылдарга, аймактарга тынбай барып, элдин көйгөйүн угуп, ошол көйгөйлөрдү чечүүгө өз салымын кошуп турушу зарыл. Мына ошондой темпте иштеп,  элдик  депутат болгондор кийинки шайлоодо 9 пайыздык добушту да татыктуу ала алат деп ишенем. Мына Американы жакшы билебиз. Мамлекеттин аймагынын чоӊдугу  боюнча дүйнөдө 4-орунда, калкынын саны боюнча Кытай менен Индиядан кийинки 3- орунда, тактап айтканда 329 миллионго жакын. Ушундай чоӊ өлкөдө, дүйнөлүк державада эки эле партия бар. Биздин мамлекетте 6 миллиондон ашык эл жашайт дейбиз, анын бир миллионго жакыны сыртта миграцияда жүрөт деп айтабыз. Бирок ошондой болсо да партиялардын саны 200дөн ашык. Чынында бул эми жакшы көрүнөш эмес да.  Аты-жыты жок партиялар абдан көп. Алардын саны 200дөн ашып кетти. Ошонун көбү шайлоого катышып,  жеӊгиси келет. Бирок биздин чакан  мамлекетибизге көп партиялуулуктун эмне кереги бар? Ошондуктан мен айтаар элем, көп партиялар бири –бири менен биригип, көп партиялуулук жоюлушу керек. Кыргызда: “Көп суур ийин казбайт, ийин казса да тереӊ казбайт”- деген жакшы сөз бар. Лидерлер биригип, баштарын кошуп, бири-бирине баш ийсин. Анан мен кыйын деп эле ар ким бурч-бурчтан чыга берсе кантип жакшы болсун. 9 пайызды көпчүлүк абдан көп деп эсептеп жатышат. Мен башка районду айтпай эле, өзүбүздүн Жумгал районун мисалга тартайын. Биздин райондо 22 миӊден ашык шайлоочу бар. Шайлоого катышканы орто эсеп менен 15 миӊдин тегереги. Эми ошол 15 миӊдин 9 пайызы 1500  добуш дейли. Эми ошол 15 миӊ добуштун 1500 добушун ала албасаӊ,  ошол 1500 адамдын ишенимине  ээ боло албасаӊ, анда эмнеӊ депутат?  Мына ушул жагын эске алышыбыз керек. Кээ бир саясатчылар  босого добушту 3 пайызга түшүрүш керек деп кыйкырып жатышат. Андай болсо,  Жумгалдагы шайлоого катышкан 15 миӊ шайлоочунун 3 пайызы 400 эле добуш болот.  Бул эми болбогон эле иш болуп калат.  Кыйын болсоӊ   ошол 15 миӊ шайлоочунун жок дегенде  5 миӊ добушуна ээ болуп, депутаттык мандатка жетсеӊ ошондо реалдуу болот деп эсептейм.

—Ат-Башыга курулбай калган логистикалык борбордун курулбай калышынын себептерин азыр ар ким ар кандай айтып жатышат. Мына ушул боюнча сиздин да пикириӊизди уксак…

—Мен бул маселе боюнча өзүмдүн жеке пикиримди айтайын. Чынында андай борбор Кыргызстанга керек, себеби, мамлекетибиздин өнүгүшүнө жакшы өбөлгө түзүлөт эле . Бирок  андай чоӊ борборду куруудан мурун, анын жол-жобосун жакшылап иштеп чыгып, ошону элге туура, так жана өз убагында жеткирүү керек да. Бул маселеде өкмөт мына ушул жагынан аксап калды десек болот. Элибизде “Элүү жылда эл жаӊы, жүз жылда жер жаӊы”- деген жакшы сөз бар. Жерди 49 жылга берүү  деген – бул менчикке берүү дегендей эле кеп да. Жергиликтүү эл да мына ушул маселеге каршы чыгышпадыбы. Жерди анча узак убакытка ижарага бербей эле, мисалы,  өкмөттүн үлүшүн коюп  түшкөн пайданын 60 пайызын кытайлар, 40 пайызын  кыргыз өкмөтү алып турса, ал 40 пайыздын 10 пайызы Ат-Башы районуна калса талапка ылайык болмок деп эсептейм. Азыр түштүккө курулат деген кеп-сөздөр чыгып жатат. Эгер ал аймакка курулуп калса, мына ушул маселени да эске алышса… Дагы бир бир варинат сунуштап айта кетейин. Кытайлар логисткалык борборду өздөрү куруп, өздөрү бир канча жылга иштетишип,  анан кыргыз өкмөтүнө өткөрүп беришсе. Маселен, 2 жылда куруп бүттү дейли, анан ал борборду 5-6 жыл иштетип, ошол жылдары тапкан кирешени өздөрү алышат, андан соӊ борборду Кыргызстанга өткөрүп беришет. Кытай тарап, анан инвесторлор менен сүйлөшүп жатканда өкмөт мына ушул  варианттарды да  сунуш кылышса, балким кытайлар макул болот. Эмнеге дегенде аларда акча  да, каалоо да бар. Анын үстүнө логисткалык борборду иштеүтү кирешелүү да.

—Сиз Жогорку Кеӊеште  Саймаити боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсүсүз. Жакында комиссиянын иши дагы бир айга узартылды. Деги эле ушул комиссиянын иш алып барышы боюнча эмнелерди ачыктай аласыз?

—Узартылышынын бирден-бир себеби – бул маалыматтардын толук келбей жаткандыгына байланыштуу болду. Ал эми окурмандардан кечирим сурайм. Себеби, ушул комиссиядагылар өз ара сүйлөшүп, тартип, эреже киргизгенбиз. Мына ошол тартип боюнча  комиссиянын иши тууралуу маалыматтарды ЖМКларга бир гана комиссиянын төрагасы берсин деген макулдашуу болгон. Мен ошол тартипти бузбай турайын.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here