Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүдө бүгүн боло турчу митингде абалды туруксуздаштырууга аракет жасагандарга мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыла турганын эскертти

Маалыматта: «Ички иштер министрлиги абалды курчутууга жол бербейт. Биз тараптан коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын планы иштелип чыкты. ИИМ жеке жана юридикалык жактарды митинг өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырат. Ар кандай акцияларды мыйзам чегинде өткөрүү керек деп эсептейбиз, демократия менен берилген эркиндикти аша чаап колдонууга болбойт. Укукка жат иш-аракеттер мамлекетке жана коомго терс таасирин тийгизип гана койбостон, республиканын башка жарандарынын коопсуздугуна дагы коркунуч жаратат», — деп эскертет ИИМ.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here