УКМК почта кызматы аркылуу тамеки жана башка заттарды аткезчилик менен ташыган коррупциялык схеманы аныктады.

28-февралда УКМК Молдованын Ш.О. жана Б.Г. аттуу эки жаранын кармаган. Алар 2013-жылдан бери Кыргызстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлери менен макулдашып алып, соода уюмунун жеке операторунун атынан почта кызматын көрсөткөн. Алар Тажикстандан жана Казакстандан ташылып келинген тамекини АКШ, Канада жана Батыш Европа мамлекеттерине тиешелүү салыктарды төлөбөстөн жөнөтүп, туруктуу коррупциялык схеманы түзүп алышкан.

Чет элдик жарандар Кыргызстандын почта операторунун статусун колдонуп, Кытайдан түздөн-түз башка мамлекеттерге товарларды мыйзамсыз жөнөтүү каналын түзүшкөнү аныкталган. Ишкананын бөлмөлөрүн жана кампасын тинтүү учурунда жалпы суммасы 6 миллион сомду түзгөн акциздик маркасы жок тамеки табылган. Ошондой эле 250 миң АКШ доллары менен 620 миң сом өлчөмүндө накталай акча болгон.

Мындан тышкары, банктык эсептерде 400 миң АКШ долларынан ашык каражат аныкталган. Аны менен бирге 2018-жылдагы бир жылдык киреше 240 миллион сомго жеткен

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here