Учурда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровду колдоо боюнча митинг өтүп жатат. Болжол менен митингге чыккандардын саны 500дөй болот. Акцияда камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуудан башка өлкөдөгү сот реформасын жүргүзүү, саясий куугунтукту токтотуу, чек ара маселеси, банктан насыя алгандардын маселеси, коронавируска байланыштуу чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү сыяктуу талаптар коюлат. Жапаровду бактан бошотуу боюнча президентке кайрылууга 780 миң киши кол коюп бергенин Жапаровдун тарапкери билдиришкен. Бул митигде 2-3 адам гейлер боюнча маселе көтөрүп жибергенде, эл аларды сүрүп чыгышты

Башкы прокуратура Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда бошотулбай тургандыгын фервалдын башында билдирген. Түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокуратуранын прокурору Абай Молдокматов Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктай турганын билдирген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here