Кыргызстандан аткезчилик жол менен 1 миллион медициналык беткапты чыгарып кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу өлкө аймагына коронавирустун келишинин алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кечээ күнкү жыйынында белгилүү болду.

Бирок беткаптарды мыйзамсыз жол менен кимдер, кайсы өлкөгө алып баратканы тууралуу маалымат берилген жок.

10-февралда да Жалал-Абаддын «Маданият» автоунаа өткөрмө бекетинен Өзбекстанга тийиштүү документтери жок 300дөн ашык медициналык беткап алып бараткан өзбек жараны кармалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here