Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын чек арасынан ID-карт менен өтүүгө 1-марттан тарта убактылуу тыюу салды. Мындай чара жарандардын коопсуздугун сактоо жана чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү максатында киргизилгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Маалыматта: “Буга чейин эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, мамлекеттик чек арадан ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар аныкталды. Алардын бардыгы карантинге алынды», — деп айтылат.

Ошондой эле штаб кыргызстандыктарга эл көп чогулган жерлерден оолак болууга жана жеке гигиенаны сактоого чакырды.

Буга чейин Кыргызстан коронавирус жайылып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Жапониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын келишине убактылуу чектөө киргизген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here