Азия чемпиону Улукбек Жолдошбековду Нарын шаарынын эли жогорку деӊгээлде тосуп алышып, ага BMW X5 үлгүсүндөгү автоунаа жана 570 миң сомдук сертификатты тапшырышты. 

28-февраль күнү Эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Жолдошбеков Улукбекке өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов, балбандын ийгилиги үчүн «Нарын облусунун атуулу» ардактуу наамы менен сыйлады

Вручение денежного сертификата чемпиону Азии по вольной борьбе до 61 килограмм Улукбеку Жолдошбекову в Нарыне
Жители города Нарын с плакатом чемпиона Азии по вольной борьбе до 61 килограмм Улукбека Жолдошбекова

Ал эми Улукбекке демөөрчүлөр, негизинен жердештери 400 миң, Нарын шаардык кеңеши 100 миң жана мэрия тарабынан 70 миң сомдун сертификаттары тапшырылса, жеке ишкерлер BMW X5 үлгүсүндөгү автоунаасын белекке кылышты. улукбектин биринчи машыктыруучусу Мирбек Акаевге да белектер берилди.

маалым болгондой Улукбек 23-февралда Нью-Делиде өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында 61 килограмм салмактагылар арасында биринчи орунду алган. Беттеште ирандык балбан менен күрөшүп жаткан учурда, каршылашы Улукбектин көзүнө колун тыгып жиберип, көзүнүн ичи айрылып кеткенине карабасатан жеӊишке жеткен. Андан кийин финалда тажик балбанын 3:0 эсебинде уткан. Ал өткөн жылы 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here