Чүйдүн Сокулук районунда күйөөсү өрт койгон 42 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Бул каргашалуу окуя 12-февралда катталган.

Милициянын маалыматында ал күнү мас абалында үйүнө келген 46 жаштагы адам жубайы тамак жасап жаткан маалда бензин чачып жибергендиги айтылат. Күйүп жаткан газдан келин жалын жармашып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Бир күн өтпөй алган жараатынан улам эсине келбей каза болгон.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here