Жапонияда эки жума карантинге алынган саякат кемесиндеги кыргызстандыктан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нурлан Абдрахманов Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Абдрахмановдун айтымында, учурда кыргызстандык жаран ооруканада даарыланып жатат. Анда вирустун жеңил түрү бар экендиги 26-февралда аныкталган.

Коронавирустан улам карантинге алынган Diamond Princess саякат кемесиндеги вирусту жуктуруп алгандардын арасында кыргызстандык бар экенин  World of Cruising журналы жазып чыккан.

Көп өтпөй  Sputnik Кыргызстан агенттиги кемедеги мекендеш менен байланышканда ал саламаттыгы жакшы экенин айтып, кемеде экипаждын мүчөсү экенин билдирген.

 3700 адамы менен 5-феварлда Иокогама портунда карантинге алынган кеме 19-феварлда карантинден чыгарылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here